Операция жасап жаткан хирургдун архивдик сүрөтү

Уулуна бөйрөгүн берем деген эне Стамбулдагы мекендештердин жардамына муктаж

301
(жаңыланган 20:15 15.06.2017)
Аларга котормочу болгон кыз окуусуна байланыштуу алардын жанында боло албай турганын билдирген.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Уулуна бөйрөгүн берүү үчүн кайыр сураган Айсада Жумабаева уулу Арген Жумабаев менен Стамбул шаарына операция жасатуу үчүн келди.

Приехавший на операцию в Стамбул кыргызстанец Арген Жумабаев
© Sputnik / Айсулуу Алымбаева
Түркиянын Стамбул шаарына операция жасатуу үчүн келген Арген Жумабаев

Бирок тил жагынан кыйынчылыктар болгону үчүн котормочулукка Стамбул шаарында иштеп жаткан мекендештерден жардам сурайт. Аларды коштоп жүргөн кыргызстандык кыз окуусуна байланыштуу алардын жанында боло албай турганын Айсулуу Алыбаева аттуу жаран Facebook баракчасына жазды.

"Элнура окуусуна байланыштуу мындан ары келе албайт экен. Ал эми котормочу бала күнүнө биздин акча менен 2500 сом алат, тыйындап чогулткан акчабыз бат эле сарпталчудай", — деп жазды ал.

Түрк дарыгерлер орозого байланыштуу азыр операция жасалбай турганын айтып, дагы анализдерди тапшыруу керектигин билдиришкен.

Алыбаева ошондой эле КР Саламаттык сактоо министрлигинен туура эмес маалыматтар берилип, документтер туура болбой Стамбулдан бардык документтерге апостиль койдуруу керектигин да жазган.

Акыркы бир жылдан ашык убакыттан бери Айсада Жумабаева Бишкектеги шаардын базарларынын биринде тилемчилик кылып келген. Бул үй-бүлөнүн ойлогону — оорукчан баласынын бөйрөгүн алмаштырууга акча табуу. Баласына донор болууну энеси эбак эле ойлонуп койгон. Бөйрөк алмаштыруу операциясы Түркияда 26 миң доллар, ал эми Казакстанда жасалса 11 миң доллар экенин ал былтыр бизге берген маеги учурунда маалымдаган. 

301
Белгилер:
Стамбул, медицина, жардам, кайрымдуулук, кайырчы
Тема боюнча
Уулуна бөйрөгүн берем деген эне базарда тилемчи болууга аргасыз
Баласына бөйрөгүн берем деген эне операция үчүн бир жыл кайыр сурады
Шире. Архив

Адамды өлүмгө кептеген эртең мененки терс адаттар

31
(жаңыланган 12:45 03.08.2021)
Тамактануу жаатындагы адистер ден соолукка зыян келтирип албаш үчүн эртең менен кайсы тамактардан баш тартуу керектигин санап берди.

БИШКЕК, 3-авг. – Sputnik. Эртең мененки тамактанууга байланыштуу кайсы адаттар адамдын ден соолугуна чоң залака келтирерин адистердин пикирине таянып "Московский комсомолец" басылмасы жазды.

Таңкы азыктардан баш тартуу

Эртең мененки тамак — саламаттык үчүн өтө маанилүү процесс. Күн бою адам кандай маанайды жүрөрү дал ушул тамактанууга байланыштуу болот. Ошондой эле эртең менен наар албаган адамдарда ашыкча салмак пайда болушу толук ыктымал.

Анткени эртең менен тамактанган организм калорийлерди бат сарптайт, глюкозанын деңгээли төмөнүрөөк болот. Ошондой эле күндүн алгачкы азыктарынан баш тарткан кишилерде жүрөк-кан тамыр оорулары пайда болушу мүмкүн.

Колбаса

Колбасаны көпчүлүк диетологдор зыяндуу тамак деп эсептейт. Эртең менен гана эмес, башка учурларда деле күнүнө 25 граммдан ашык колбаса жеген адамда жоон ичеги рагына кабылуу тобокелдиги жогорулай турганы айтылат.

Тамакка чейинки кофе

Британиялык окумуштуулардын айтымында, тура калып кофе ичүү кандагы глюкозаны көбөйтүп жиберет. Андыктан ач карын кофе ичүү сунушталбайт.

Шире

Жер-жемиштин жаңы же кант кошулган ширесин таң атпай ичүү кант диабетинин пайда болуу тобокелдигин 16 пайызга жогорулатат. Андыктан эртең менен клетчаткага бай жемиштердин өзүн жегенден өтөрү жок.

31
Белгилер:
тамак-аш, ден соолук, азык-түлүк, зыян, пайда
Тема боюнча
Дарыгер бөйрөктөгү ташты пайда кылчу азыктарды атады
Бүгүн борбор калаанын Ала-Тоо аянтында Олимпиаданын байгелүү орундарына ат салышып жаткан балбандардын күрөшү түз эфирде көрсөтүлөт

Айсулуу менен Акжолдун күрөшү "Ала-Тоо" аянтында чоң экрандан көрсөтүлөт

135
(жаңыланган 12:37 03.08.2021)
Бүгүн Акжол Махмудов алтын медаль талашса, Мээрим Жуманазарова коло байге үчүн күрөшөт. Ал эми Айсулуу Тыныбекова жарым финалда кармашат.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Бүгүн борбор калаанын "Ала-Тоо" аянтында Олимпиаданын байгелүү орундарына ат салышып жаткан балбандардын күрөшү түз эфирде көрсөтүлөт. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Союзбек Надырбеков билдирди.

Анын айтымында, кыргызстандык балбандар саат 15:15те килемге чыгып баштайт. Бул учурда аянтка фан-зона уюштуруп, чоң экрандан көрсөтүү чечими кабыл алынган.

"Келгиле, спортчуларыбызды биргеликте колдойлу", — деп жазган Надырбеков.

Ошондой эле "Азия Молл" соода борборунда дагы фан-зона уюштурулары белгилүү болду.

Белгилей кетсек, бүгүн грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов финалдык беттеште алтын медаль талашат.

Кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова коло байге үчүн күрөшөт. Ал эми Айсулуу Тыныбекова жарым финалда кармашат.

Мындан сырткары, Махмудовдун финалдык беттеши анын кичи мекени Араван районундагы "Белек" кинотеатрында дагы чоң экрандан көрсөтүлөт. Муну президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн маалымат катчысы Эрмек Муратбек уулу маалымдады.

135
Белгилер:
'Ала-Тоо' аянты, күрөш, түз эфир, Союзбек Надырбеков
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Акжол алтын үчүн ким менен күрөшөт? Венгриялык Тамаш Лёринцтин таржымалы
Швециялык активист Грета Тунберг. Архив

Грета Тунбергдин вазыйпасы аяктап, аны оюндан четтетишти

25
(жаңыланган 12:49 03.08.2021)
Батыш маалымат каражаттары адамзат узаган айдын аягында Жердин жылдык ресурстарын түгөтүп бүткөнүн жазып чыгышты. Казылган кендин баары августтун башынан декабрдын аягына дейре атмосферага чыгарылып, экологиялык карыз өндүрүлөт.

Адистердин эсебинде чек аралар, өлкөлөр жана континенттерге карабай адамзат керектөө жана өндүрүштүн азыркы деңгээлин сактап калуу үчүн планетабыздын азыркы мүмкүнчүлүктөрүнө дагы кошумча үчтөн эки бөлүгүнөн ашууну абзел.

Экология темасында, албетте, Грета Тунбергди атабай коюуга болбос. Эсиңиздерде болсо, швециялык өспүрүм Грета климаттын өзгөрүшүнө каршы "окуучулук нааразылык акциясына" чыккан. Кесиптешибиз Елена Караеванын планетаны сактоо жаатындагы азыркы глобалдык саясатты талдаган макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

Табият менен таттуу алакада болуу тууралуу насаатка СССРди көрүп калгандардын муктаждыгы жок. Дүйнөнүн "цивилизациялык ааламындагы" супермаркеттерде желим баштыктар пайдаланылып турганда совет өлкөлөрүндө дүкөнгө тор баштык менен барып (бүгүн ошол сумкалар моданын соңку жетишкендигине айланып, баасы маркасына жараша 80ден бир нече жүз еврого чейин), азык-түлүк пергаменттик кагазга оролуп, желим баштык чыкса ал көп жуулуп, кургатылып, башкача айтканда, көп жолу колдонулган.

Балдарды жашынан металлолом чогултууга көндүрүшкөн. Эски газета жана журналдарды да туш келди ыргытпастан кабыл алуучу жайларга алып барып, маселен, 20 килограммдык макулатуранын ордуна китеп алышкан. Айнек да, адатта сүт, айран куюлганы да, шарап жана сыра чыгарылган бөтөлкөлөр да өткөрүлгөн. Жашоонун мындай образы "жакырлыктан" эмес, жаратылыш ресурстарына карата аяр мамиледен улам терең ойлонуштурулган. Бул эми сөз кезеги келгендеги кеп.

Көмүр кычкыл газын азайтууну көздөгөн Киото протоколу иштей баштагандан бери парник газдарынын көлөмү көп деле азайбастан, биржалык сооданын өтө кирешелүү бөлүгүнө айланганы аныкталган. Анын чыгарылышына квота мунай, эгин, какао буурчагы жана башка биржалык товарлар (commodity) сымал эле товарга айланган.

"Планетаны коргоо үчүн күрөш" деген дүрбөлөңгө жамынып биржалар сөздүн түз маанисинде абаны сатышат. Мында пайдасын квотасы өтө көп жана квотасы абдан аз болгондорго ортомчулук кылган маклер жана брокерлер көрөт. Ал эми чоң суммадагы акча болгон жерде алдамчылык үчүн да мүмкүнчүлүк болуп көрбөгөндөй чоң эмеспи. Остап Бендердин урпактары, маселен, француз мамлекети "аба" соодасына кошумча нарк салыгын төлөбөй коюудан эле дээрлик эки миллиард евро тапкан. Бирок он жыл оболу али эч нерсе боло элек кез эле, каржылык глобалисттик чөйрөлөр чыныгы мөмөсүн азыр топтоого киришти.

Парижде өткөн климат боюнча конференция (2015-жыл) аяктаары менен жашыл бонд – облигацияларды жайгаштыруудан киреше алууга мүмкүндүк берген акча каражаттары түзүлгөн. Карыздар ири банктар же Европалык борбордук банк аркылуу кепилденет. Көлөмү — жылына ондогон миллиард евро. Анткен менен бул олчойгон сумма да күтүлбөгөн окуянын башаты гана. Чыныгы "оюн" үч жыл мурун коюлган, анда өспүрүм Грета Тунбергди "экологиянын Жанна д'Аркы" деп атап, Швеция парламентинде сөз сүйлөттүшкөн. Ошол 2018-жылдын жай мезгилинен бери анын сөздөрү, аракеттери алдыңкы маалымат агенттиктеринин "көзүнөн" түшкөн эмес. Ар жума күнү көрсөтүлгөн, баяндалган. Андай пиар спорттун да, саясаттын да, кинонун да жылдыздарына жасалган эмес.

Туура жарым жылдан соң Катовицада "климатты коргоо" боюнча кезектеги конференция өтөт. Анда өнүккөн өлкөлөрдүн экономикаларын жашыл рельстерге которуу чечимин кабыл алган (анын негизги жактоочусу Европа биримдиги, ал эми АКШ жана Россия өзгөчө пикирин билдиришкен). Андай ойдун наркы — жылына 100 миллиард евро.

Өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө бир аз көмөктөшүп, бирок негизинен жашыл технологиялардын пайдасына рынокторду бөлүштүрүү үчүн бардык каржылык агымдарды европалык банк структураларына туташтырууну көздөшөт. Кеп мында акча агымдарынын даректеринин алмашышы жана жашыл революциянын демилгечилеринин курамын алмаштыруу туурасында. Албетте, бул каражаттардын баары текке кетет. Чакан жана орто бизнеске тийбейт. Экономиканы өбөлгөлөө боюнча Европа биримдиги тарабынан жарыяланып жана кабыл алынган пландын жарымы, ал эми бул дээрлик 740 миллиард евро — экологиялык демилгелерге бөлүнгөн каражат. Бирок аларды алуу шарттарына ылайык субвенциялар иш жүзүндө ири гана трансулуттук корпорацияларга багытталган.

Гретачы? Грета өз ролун аткарды, эми кете берсе болот. Тагыраак, аны оюндан четтетишти. "Экологиянын Жанна д'Аркынын" соңку билдирүүсү климаттын өзгөрүшү жана "уурдалган балалык" жөнүндө эмес, COVID-19га каршы вакцинанын "адилетсиз бөлүштүрүлүшү" туурасында жаңырганына күбөбүз. Глобалдык көз будамайлагандар менен бир столдо отурган соң адилеттүүлүктөн кеп салып болобу?

25
Белгилер:
Грета Тунберг, экономика, бизнес, саясат
Тема боюнча
"Байден, курал үчүн рахмат!". Афганистанда талибдерди ким колдоодо
Орустардын жашыруун куралы Европанын чок ортосунан АКШга сокку урду