Юрист: милиция кызматкерлерин видеого тартууга мыйзам тыюу салбайт

Жазылуу
"Вигенс" укук борборунун директору Владимир Плужниктин айтымында, ар бир жаран милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн видеого тартып алууга укуктуу.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Кыргызстандын бир дагы мыйзамы милиционерлерди видеого тартууга тыюу салбай турганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына "Вигенс" укук борборунун директору Владимир Плужник билдирди.

Редакцияга окурмандардан милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн жарандардын видеого тартуу укугу боюнча суроолор түшкөндүктөн юристке кайрылдык.

"Бир дагы мыйзамда укук коргоо органдарынын кызматкерлерин видеого тартууга тыюу салган норма жок. Бирок ар кандай пикир келишпестиктер болуп кетпеш үчүн унаадан түшкөнгө чейин эле камераны иштетип туруп, окуя болуп жаткан күндү, саатты жана жерди айтып коюңуз. Эгер ошол маалда унаада күбөлөрүңүз болсо, аларды дагы камерага түшүрүп, анан милиционер менен сүйлөшө баштасаңыз болот", — деди Плужник.

Анын айтымында, "Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө" мыйзамдын 3-беренесинде мамлекет ар бир жарандын маалымат алуу, чогултуу, берүү жана таратуу укугун коргошу керектиги жазылган.

Маалымат алууга чектөөлөр мыйзам тарабынан гана чектелиши мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0