Кургак учукка кабылгандар эми үйдөн дарылана алат

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүРабота военкомата города Тара в Омской области
Работа военкомата города Тара в Омской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эми орулуулар илдеттин жугуштуу мөөнөтү аягына чыккандан кийин үйүнө чыгып барып, өз районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан же ФАПтан дарыларын алып туруусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Кургак учукту дарылоо иштерине жакшыртууларды киргизүү боюнча талкуу болуп, анда биринчилерден болуп оорулууну амбулатордук жол менен дарылоо маселеси көтөрүлгөндүгүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, министрлик кургак учукка каршы кызматтардын стратегиялык багыттарын реформалоо боюнча үч максатты көздөп жатат.

"Булар стационардык, лабораториялык кызматтарды оптималдаштыруу жана амбулатордук дарылоону колго алуу. Мурда амбулатордук дарыялоо багытына каржы маселеси чечилбей келген. Ушуп тапта Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан финансы булагы табылды", — деди Медициналык жардам уюштуруу башкармалыгынын башкы адиси Аэлита Ибраева.

Ал эми Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчиси Марат Калиевдин айтымында, буга чейин негизги каржылоо стационардык дарылоого жумшалып келген.

"Эми амбулатордук дарылоого дагы басым жасоону көздөп жатабыз. Ошондо гана дарылоо сапаты дагы жогорулайт деп ишенип жатабыз. Экинчиден, оорулуу үйүнөн дарыланып, илдет анын үй-бүлөсүнө, эмгектенүүсүнө жана башка жагдайларга азыраак таасирин тийгизишин көздөйбүз", — деди Калиев.

Детская областная больница в Калининграде - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда кургак учуктун оор түрү жаңыча дарылана баштайт
Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Ибраеванын билдиргенине караганда, акыркы илиздөөлөр боюнча кургак учукту жуктуруп алган адамдын оорусу эки аптанын ичинде жугуштуу болбой калары аныкталган.

Ошол себептүү оорулууну айлап-жылдан ооруканада кармап туруунун зарылдыгы жок.

Эми бейтаптар илдеттин жугуштуу мөөнөтү аягына чыккандан кийин үйүнө чыгып барып, өз районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан же ФАПтан дарыларын алып тура алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0