Уруштан күбүлгөн тиштер, норка шуба. Бишкектеги күрөөканага эмнелерди алып келишет

© AP Photo / Josh ReynoldsСтмоатолог Скотт Табер из Шрусбери
Стмоатолог Скотт Табер из Шрусбери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ломбардга зер буюмдарды эле эмес, биз күнүмдүк турмушта ашканада колдонуп жүргөн оокаттардан тарта, кийимге чейин көтөрүп келишет.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Борбор калаадагы күрөөкананын кызматкери Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына киши зарыгып турганда эмне деген гана буюмдарды алып келбей тургандыгын айтып берди.

Тирелген норка шуба

Работа одного из супермаркетов Новосибирска - Sputnik Кыргызстан
Супермаркеттеги кассирлердин кыжырын кайнаткан жети нерсе
Айласы кетип турган аял бир ирет жонундагы норка шубасын көтөрүп келиптир. Бул анын эң кымбат жана кийимдеринин жакшысы экенин байкадык. Шубасын Түркиядан 3 000 долларга алдыргандыгын, учурда күйөөсүнүн бизнеси жабылып, өзүнүн создуктурулган айлыгынан улам айласыз бизге келгенин айтууга үлгүрдү. "Сатканга кыйбай жатам, эки айга таштайын, 1000 доллар бергиле", — деп сураган. Күрөөканадагылар сырт кийимди алып калбаганы менен ал аялды көпкө чейин эстеп жүрүшүптүр.

Баян

Улгайып калган киши эскирип, огеле көп обондор ойнолгон "Тула" үлгүсүндөгү баянды көтөрүп келди. Кулагы укпай калгандыгын айткан карыя, чаң басып жаткандан көрө күрөөканага өткөрүүнү ниет кылганын саймедиреген. Оорулуу небереси үчүн 10 миң сомго тапшырам деген ал карыга ломбарддагылар жардам бере албаптыр.

Чырдын башы — микротолкундуу меш болгондо…

Эгерде 1990-жылдар болсо, бул буюмдарды күрөөканадагылар "кудай" деп алып коюшмак, ал эми азыр кыйналбай эле "жок" дешет. Бир ирет ашканадагы тиричилик техникасын көтөрүп келген үй-бүлө жок деген жоопту угуп, жаңжал салыптыр.

Алтынга бууланган темир тиштер

Элүүгө таяп калган киши алтынга бууланган темир тиштерди алып келип, ал чыныгы алтындан жасалган деп жан алакетке түштү. Бирок, көптү көрүп калган кызматкерлер дароо эле кымбат баалуу металл эмес экенин билип коюшту. Берки киши мушташтан ыргып кеткен тиштеринен азыраак болсо да акча жасап алууга аракеттенгенин айтып, наалыптыр.

Жаңылыктар түрмөгү
0