Суу башында турган Кыргызстандын 657 айылында ичүүчү суу боюнча көйгөйү бар

© Sputnik / Табылды КадырбековПовседневная жизнь в Нарынской области
Повседневная жизнь в Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр октябрда Кыргызстан менен Дүйнөлүк банк аймактарды ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча 28 млн. долларлык колдоо көрсөтүү боюнча келишим түзгөн.

БИШКЕК, 17-июн.— Sputnik. Кыргызстан суунун запасы боюнча алдыңкы мамлекеттердин катарында турганы менен ичүүсү суу боюнча өзгөчө айылда көйгөйлөр көп. Бул туурасында биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев Дүйнөлүк банктын суу секторунун башчысы Питер Хени жана Дүйнөлүк банктын суу менен камсыз кылуу жана санитария боюнча адиси Дэвид Лорд менен жолугуп жатып айтты.

"Аймактарда айрым суу түтүктөрү 20 жылдан бери жаңыланган эмес. Ичүүчү суу менен камсыздала турган долбоорлордо санитардык көйгөйлөрдү чечүү жагы да каралса, калктын социалдык турмушу жакшырып, алардын айыл жеринде күнүмдүк жашоосуна жакшы шарттар түзүлмөк", — деген Абулгазиев.

Архитектура курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошевдин маалыматында, жалпы суммасы 64 млн. долларга Ош, Чүй, Ысык-Көл облустарынын 117 айылын ичүүчү суу менен камсыз кыла турган "Ала-Тоо булагы" долбоору ишке ашууда.

"2017-жылдын 22-июнунан баштап Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тоготой айылында, Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Султан айыл аймагындагы 11 айылга ичүүчү суу курулмалары курула баштайт. Андан сырткары Жалал-Абад облусунун 24 айылы 2022-жылга чейин ичүүчү суу менен камсыз болот", — деп айткан Токтошев.

Суу алып жаткан кыздын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Баткенде эски суу түтүктөрү жаңыртылып жатат
2016-жылдын октябрында Кыргызстан менен Дүйнөлүк банк аймактарды ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча 28 млн. долларлык колдоо көрсөтүү боюнча келишим түзгөн.

Ичүүчү суу секторун каржылоо багытында, кошумча 2016-жылдын аягында 36 млн. доллар каражат бөлүү боюнча чечим кабыл алынып, бул чечим жакында, 22-июнунда Дүйнөлүк банктын директорлор кеңешинде каралмакчы.

Эскерте кетсек, жалпы республика боюнча 1805 айылдын 657 айылында ичүүчү суу көйгөйү бар. Аларды 2026-жылга чейин Эл аралык уюмдардын колдоосу аркылуу ичүүчү суу менен камсыз кылууга Өкмөттүк программа иш алып барууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0