Журналист Келдибек Назиров дүйнө салды

© Sputnik / Табылды КадырбековЭстеликтеги гвоздика гүлү. Архивное фото
Эстеликтеги гвоздика гүлү. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келдибек Назиров 1964-жылы 15-август күнү Баткенде туулган. Маркумдун артында беш баласы калды.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Журналист Келдибек Назиров 17-июнь күнү 52 жаш курагында оорудан улам көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине кесиптеши Семетей Талас уулу билдирди.

Чон-Таш айылындагы Ата-Бейит мемориалдык комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Ата-Бейит": жарым кылым ың-жыңсыз жаткан кайрандар. Чүкөдөй кемпир ачкан чындык
Саясат, экономика жана социалдык темаларга көп кайрылган Назиров "Агым", "Де-факто", "Жаңы ордо" сыяктуу гезиттерде эмгектенген.

2016-жылга чейин "Жаңы Агым" гезитинде иштеп, акыркы бир жылда ден-соолугуна байлаштуу эс алууда жүргөн.

Келдибек Назиров 1964-жылы 15-август күнү Баткенде туулган. Артында беш баласы калды.

Макумдун сөөгү бүгүн Сокулук районунун Гавриловка айылында жерге берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0