Меккеге барчу зыяратчылардын саламаттыгына ажы башчылар жооп берет

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүМеккедеги зыяратчылар. Архив
Меккедеги зыяратчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баткен облусунда өткөн иш-чара ажы башчыларды тааныштыруу менен башталды.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Меккеге барчу зыяратчылардын саламаттыгына, ибадаттарынын аткарылышына ажы башчылар жооп берет. Бул тууралуу Баткен облусунун мусулмандар казысы Муса ажы Жолдош аймактагы ажыга барчулар менен болгон жолугушуусунда айтты.

Иш-чара ажы башчыларды тааныштыруу менен башталып, зыяратчылар алардын тизмесине катталды.

"Ажылардын саламаттыгы, ажылык ибадатынын аткарылышы, коопсуздугу боюнча ажы башчылар жооп берет. Ажыларга жогорку деңгээлде кызмат кылуубуз зарыл. Быйылкы жылы ажылыктын шарттары кыйла жакшырды", — деди казы.

Муфтий КР Максатбек ажы Токтомушев - Sputnik Кыргызстан
Муфтият ажы башчылар менен келишим түздү
Ал эми ажы башчы Ибрахим кары Баширов өз тобундагы ажыларга жакынкы күндөрдөн тарта сабактар башталарын айтып, ар бир ажыга барчу жаран сабактарга өз убагында келүү менен ажылыктын тартиптерин так үйрөнүп алууну суранды.

Белгилей кетсек, быйыл кыргызстандык зыяратчылар үчүн Сауд Аравиясы 4 585 орун бөлгөн. Ажылык сапардын баасы буга чейин 2600 доллардын тегерегинде болору айтылып, анын 1550 доллары жол киреге кетмек. Кийинчерээк бул акчага 160 доллар кошулган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0