Россияга кетип энесин зарыктырган бала төрт жылдан кийин үн катты

Жазылуу
Дайынсыз жүргөн Замирбек Атамкулов 18-июнда өзү телефон аркылуу байланышка чыгып, энеси менен сүйлөшкөн.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Россияга иштегени кетип төрт жылдан бери дайынсыз болгон Замирбек Атамкулов табылганын Sputnik Кыргызстан агенттигине ИИМдин Россиядагы өкүлү Аскат Алиев билдирди.

Эскерте кетсек, мындан бир ай мурда 40 жаштагы Замирбек Атамкулов 2013-жылы сентябрь айында Россияга иштеп келем деп кеткен бойдон кабарын билдирбей жүргөнүн айтып уулун күткөн эненин кайрылуусу социалдык тармактарга тараган. 

Алиевдин айтымында, Атамкулов 18-июнда өзү телефон аркылуу байланышка чыккан.

"Апасы менен эжесине телефон чалып "мен аман-эсен жүрөм, кабатыр болбоңуздар, иштеп акча чогултуп жайдын аягында барып апамдын ооруган бутун дарылатам" дептир. Аны менен биз дагы сүйлөштүк. Ушунча жылдан бери кабарын билдирбей жүргөнүнө эмне себеп болгонун айтуудан баш тартып жөн гана "шарт ушундай болуп калды" деп койду. Учурда кайсы шаарда жүргөнүн айткан жок", — деди ИИМ өкүлү.

Уулу менен сүйлөшкөндөн кийин энеси баарына ыраазычылыгын билдирип видео жөнөткөн. 

Жаңылыктар түрмөгү
0