"Черные глаза" ырын комузга салган Үмүтай: түрк ырларын да жакшы ырдайм

© Фото / Гулум Нурлан кызы "Черные глаза" ырын комуз менен ырдаган ырчы Үмүтай Абдышова
Черные глаза ырын комуз менен ырдаган ырчы Үмүтай Абдышова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үмүтай Абдышова "Черные глаза" ырынан сырткары башка тилдердеги дагы бир нече чыгарманы комуз менен аткарат.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Ырчы Үмүтай Абдышованын "Черные глаза" ырын комуз менен ырдаганын КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков өзүнүн Facebook баракчасына жүктөгөн. Ал видеону бир сутканын ичинде Карыпбековдун баракчасынан эле 18 миңден ашык адам көрүп, 260тан ашык колдонуучу бөлүштү.

Ырчынын Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып бергенине караганда, "Черные глаза" анын комуз менен ырдаган башка тилдеги жалгыз эле ыры эмес.

"Орус тилиндеги ырлардан "Черные глаза", "Птица счастья" ырларын жана түрк тилиндеги бир нече чыгарманы комуздун коштоосунда аткарам. Бул ырларды көбүнесе тууган-урук, жоро-жолдоштор менен отурган кече, шеринелерде суранышат", — деди Абдышова.

Үмүтай Абдышова учурда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы көркөм өнөр институтунда фольклор жааты боюнча билип алып, Жайыл районунун маданият үйүндө эмгектенет.

Жаңылыктар түрмөгү
0