ӨКМ куткаруучулары франциялык кесиптештери менен тажрыйба алмашууда

© Фото / пресс-служба МЧС КРӨКМ кызматкерлери окуу учурунда. Архив
ӨКМ кызматкерлери окуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара эки күнгө уланып, теориялык жана практикалык негизде жүргүзүлмөкчү. Анын алкагында француз куткаруучулары өз тажрыйбалары менен бөлүшөт.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. 20-июндан тарта ӨКМдин Бишкек шаардык куткаруу кызматы Франциядан келген кесиптештери менен биргеликте тажрыйба алмашууда. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Алайдын Үч-Дөбө айыл аймагында жайгашкан Ничке жайлоосунда сел жүрүп колоттун ичиндеги боз үйдү агызып кетти - Sputnik Кыргызстан
Алайда сел жүрүп жайлоодогу боз үйдү агызып кетти. Жеринен алынган сүрөттөр
Иш-чара эки күнгө уланып, теориялык жана практикалык негизде жүргүзүлмөкчү. Анын алкагында француз куткаруучулары өз тажрыйбалары менен бөлүшөт.

Машыгуу маалында эки өлкөнүн Куткаруу кызматтарынын жетекчиликтери атайын семинарларды өткөрөрү айтылды. Анда колдонулчу техникалардан тарта бийик имараттардагы куткаруунун ыкмаларына чейин маалыматтар берилет.

Буга чейин чет өлкөлүк адистер Кыргызстандын ӨКМине кайрылып, куткаруу ыкмалары боюнча тажрыйба алмашууну өтүнгөн билдирүүлөрдү жолдошкон.

Жаңылыктар түрмөгү
0