Муфтият айт намаз канчада, кайсыл жерде окулаарын айтты

Жазылуу
Быйыл орозо айт 25-июнь күнү деп белгиленген.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Быйыл орозо айт намазын эски аянтта окуу пландалууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев билдирди.

Анын айтымында, орозо айт 25-июнь күнү деп белгиленген.

"Азырынча намазды эски аянтта окуу пландалууда. Бирок эртең мэрияда ушул маселе боюнча жыйын болуп, акыркы чечим кабыл алынат", — деди Атабаев.

Ал айт намазынын алдын ала түзүлгөн программасы төмөнкүчө болоорун айтты:

  • 06:30 — Баян айтуу башталат;
  • 07:00 — Муфтийдин куттуктоосу;
  • 07:20 — 07:30 Өкмөт өкүлдөрүнүн куттуктоосу;
  • 07:30 — Айт намазы башталат.

Эске сала кетсек, бул алдына ала берилген маалымат.

Ыйык Рамазан айында ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) убактысын 2017-жылдын орозо календарынан караңыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0