"Ак-Кеме" алынгандан кийин кызматкерлери эмне болорун Маммүлк фонду түшүндүрдү

© Sputnik / Акылбек Батырбеков"Ак-Кеме" мейманканасына асмандан көрүнүш. Архив
Ак-Кеме мейманканасына асмандан көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маммүлк фондусу "Ак-Кеме" өкмөттүн чечими менен мамлекеттин кармагына өткөрүлгөнүн айтууда

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Азыркы тапта "Ак-Кеме" мейманасында мүлктөрдү тизмектөө иштери жүрүп жатканын Мамлекеттик мүлк фондусунун маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, мейманкана мындан ары кадимки режимде ишин улантат. Ошондой эле анда иштеген кызматкерлер да өз ордунда калтырылат. Буга чейин пландалган иш-чаралар, анын ичинде снукер боюнча Азия чемпионаты да үзгүлтүккө учурабайт.

Ак-Кеменин эшигин кантип сындырышты. Мейманкана кызматкери тартып алган видео - Sputnik Кыргызстан
"Ак-Кеменин" эшигин кантип сындырышты. Мейманкана кызматкери тартып алган видео
Маммүлк "Ак-Кеме" мейманканасы өкмөттүн чечими менен мамлекеттин кармагына өткөрүлгөнүн айтууда.

Мекеме жетекчиси Руслан Сарымсаков Sputnik Кыргызстан агенттигине милиция таңкы 6.00дө келип имаратты курчоого алганын билдирген. 

Анын айтымында өзүн "комдук тартипти коргоочулар" деп тааныштырган кишилер имараттын эшигин сындырып кирип келишкен. Алдын ала маалыматтарга караганда милиция менен кошо Мамлекеттик мүлк фондунун кызматкерлери кошо келген.

Азыр ал жерде эмне болуп жаткандыгын Sputnik Кыргызстандын түз алып көрсөтүүсүнөн маалымдар боло аласыз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0