Атамбаев туңгуч альбомун Россиядан чыгарып, сатыкка койду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Альбомдо мамлекет башчынын орус тилиндеги 10 чыгармасы кирген

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин "Судьбе назло" аталышындагы музыкалык альбому расмий түрдө сатыкка чыкты. Бул туурасында кабар россиялык "Мелодия" фирмасынын сайтына жарыяланды.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевдин ырына тартылган жаңы клип интернетке чыкты
Дискте Атамбаевдин орус тилиндеги 10 чыгармасы камтылган. Альбомдун аталышы алгачкы чыккан ырынын атынан "Судьбе назло" деп коюлган. Ырлар жыйнагынын баасы 300 рубль.

24.kg агенттиги Атамбаев туңгуч альбому чыккандыгын өзү Москвада мекендештери менен жолукканда айтканын жазган.

Өлкө башчынын чыгармалары Кыргызстанда эле эмес, Россияда дагы кызуу талкууга алынган. "Россия 24" телеканалынын жаңылыктар берүүсүндө да эфирге чыгып талкуу жараткан.

Кыргызстандын президенти өткөн жылы кыргыз тилинде дагы "Кыргызстаным" жана 21-майда энелер күнүнө карата "Энекем" атуу ырларын чыгарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0