Маммүлк:"Ак кеменин" жетекчилигине март айынын бери 12 жолу эскертүү берилген

© Sputnik / Эркин АлымбековКонфискация отеля "Ак-Кеме" в Бишкеке
Конфискация отеля Ак-Кеме в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мейманкана мамлекетке 452 миллион сом карыз деп соттун чечими чыккан.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. "Ак-Кеме" мейманканасы өкмөттүн токтомунун негизинде мамлекеттин карамагына өткөрүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк фондусунун төрагасы Болсунбек Казаков билдирди.

Анын айтымында, мейманкана менен Финансы министрлиги 2012-жылы соттошкон. Анын негизинде отель 452 миллион сом мамлекетке карыз деп соттун чечими чыккан.

"Финансы министрлиги менен  "Ак-Кеме" мейманканасынын ортосунда сот иштери болуп, 452 миллион сом мамлекетке карыз деген соттун чечими чыккан. Карызды өндүрүү максатында бир нече аукцион өткөрүлгөн. Ал иш-чаралар эч кандай жыйынтык бербегендиктен соттун чечимин аткаргандар объектини мамлекеттин үлүшүнө алуу боюнча өкмөткө кайрылган. Ага ылайык, өкмөт тиешелүү чечим чыгарып берген", — деди Казаков.

Ак-Кеменин эшигин кантип сындырышты. Мейманкана кызматкери тартып алган видео - Sputnik Кыргызстан
"Ак-Кеменин" эшигин кантип сындырышты. Мейманкана кызматкери тартып алган видео
Ошондой эле ал аталган фонду ушул жылдын март айынан бери мейманкананын жетекчилигине аны мамлекетке өткөрүп берүү боюнча 12 жолу эскертүү берилгендигин кошумчалады.

Эскерте кетсек, 22-июнь күнү эртең менен эрте күч түзүмдөрү тарабынан "Ак кеме" мейманканасы курчоого алынган. Анда аталган мейманкананын башчысы Руслан Сарымсаков мамлекеттик органдардын аракеттин мыйзамсыз билдирип чыкты.

Фонддун маалыматына боюнча учурда 137 мамлекеттик ишкана бар. Анын 26сы мамлекеттин карамагында калып, калганын учурда башкаруу жана ээлик кылуу түрлөрү тиешелүү министрликтер менен мекемелерде каралып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0