Ак-Кеме мейманкана асмандан көрүнүш. Архив

"Ак-Кеменин" бүтпөгөн чуусу: иштин чоо-жайы эки ооз сөз менен

301
(жаңыланган 09:07 23.06.2017)
Бүгүн таң эртеңден "Ак-Кеме" мейманканасы курчоого алынып, ызы-чуу болуп эле жатып калды. Бирок бул башаламандык эмнеден келип чыкты, ким эмнени талашып жатканын түшүнбөгөндөр көп. Төмөндө окуянын таржымалын кыска-нуска баяндап бердик.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Бир топ жылдан бери "маселеси" чечилбей келген "Ак-Кеме" мейманканасын кыргыз өкмөтү менчиктеп, эми ага "Мүлк" мамлекеттик ишканасы ээлик кылмай болду.

© Видео / Суйун Апаев
"Ак-Кеменин" эшигин кантип сындырышты. Мейманкана кызматкери тартып алган видео

Бейшемби күнү таң эрте Мамлекеттик мүлк фондунун кызматкерлери милиция менен мейманканага келип, мекемени конфискациялай турганын айтышкан. Ошол эле учурда Кыргыз-Малайзия биргелешкен ишканасы (КМБИ) иштеткен "Ак-Кеме" мейманканасынын жетекчиси Руслан Сарымсаков аталган басып алууну мыйзамсыз деп эсептейт.

© Sputnik / Батырбек Мамыркулов
Милиция таңкы алтыда "Ак кеме" мейманканасын курчоого алды

"Ак-Кеме" — өлкөдөгү ири мейманканалардын бири. Ал Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан кийинки алгачкы мейманкана комплекси болуп саналат. Бирок ал курулгандан бери эле багы ачылбай, иши соттук ызы-чуулар менен коштолуп келе жатат.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги чачышкан жипти чечмелеп көрүүгө аракет кылды.

Мейманкана качан курулган?

400 орунга ылайыкташкан төрт жылдыздуу мейманкана 1995-жылы курулган.

Аны ким курган жана канча каражат жумшалган?

1992-жылы Түркия Кыргызстанга бизнес-долбоорлор менен бирге инвестицияга 50 миллион доллар каражат бөлгөн.

Кийинки жылы тараптар келишимге кол коюп, "Ак-Кеме" ЖАКы жана Sistem Muhendislik Insaat Sanayi ve Ticaret A.S. (Систем Мюхендислик) биргелешип "Ак-Кеме — Пинара" ишканасын түзүшкөн. Өнөктөштөр үлүштү тең экиге бөлүп алышат.

Ал эми мейманкананы куруу үчүн түрк насыясынан 8,7 миллион доллар кыргыз өкмөтүнүн жоопкерчилиги менен бөлүнгөн.

  • Бир топ жылдан бери маселеси чечилбей келген Ак-Кеме мейманканасын кыргыз өкмөтү менчиктеп, эми ага Мүлк мамлекеттик ишканасы ээлик кылмай болду
    Бир топ жылдан бери "маселеси" чечилбей келген "Ак-Кеме" мейманканасын кыргыз өкмөтү менчиктеп, эми ага "Мүлк" мамлекеттик ишканасы ээлик кылмай болду
    © Sputnik / Эркин Алымбеков
  • Бейшемби күнү таң эрте Мамлекеттик мүлк фондунун кызматкерлери милиция менен мейманканага келип, мекемени конфискациялай турганын айтышкан
    Бейшемби күнү таң эрте Мамлекеттик мүлк фондунун кызматкерлери милиция менен мейманканага келип, мекемени конфискациялай турганын айтышкан
    © Sputnik / Батырбек Мамыркулов
  • Ошол эле учурда Кыргыз-Малайзия биргелешкен ишканасы (КМБИ) иштеткен Ак-Кеме мейманканасынын жетекчиси Руслан Сарымсаков аталган басып алууну мыйзамсыз деп эсептейт.
    Бейшемби күнү таң эрте Мамлекеттик мүлк фондунун кызматкерлери милиция менен мейманканага келип, мекемени конфискациялай турганын айтышкан
    © Sputnik / Батырбек Мамыркулов
1 / 3
© Sputnik / Эркин Алымбеков
Бир топ жылдан бери "маселеси" чечилбей келген "Ак-Кеме" мейманканасын кыргыз өкмөтү менчиктеп, эми ага "Мүлк" мамлекеттик ишканасы ээлик кылмай болду

Талаш-тартыш эмнеден келип чыкты?

1998-жылы Жогорку арбитраждык сот "Ак-Кеме" жабык акционердик коомунун негиздөөчүлөрүнүн бирин банкрот абалында деп тапкан.

Буга байланыштуу 1999-жылы кыргыз өкмөтү мейманканага болгон толук укукту экинчи түптөөчү — "Систем Мюхендисликке" 12,7  миллион долларга саткан.  Мындай жол менен түрк компаниясы мейманкананын жалгыз ээси болуп, аны "Пинара—Бишкек" деп атайт.

Өнөктөш эмне себептен банкрот болду?

Бул маселе азыркыга чейин талашта. Мейманкананын экс-жетекчиси Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы менен сүйлөшүп жатып, аталган уюмду атайын банкрот кылышкан деген пикирин айтты.

"Ак-Кеме" ЖАКына жеңилдиктер берилди беле?

Мамлекеттик мүлк фондусунун төрагасы Болсунбек Казаковдун архивдик сүрөтү
© Фото / пресс-служба госагентства антимонопольного регулирования КР
Ооба, кыргыз өкмөтү "Ак-Кеме" жабык акционердик коомунан 11 миллион доллар өндүрүп алуудан баш тартты.

Эмне үчүн ушуну менен окуя бүткөн жок?

Анткени 2005-жылкы "жоогазын" революциясынан кийин мекеменин кожоюну кокустан алмашып кеткен. Ошентип мейманкана Кыргыз-Малайзия биргелешкен ишканасына (КМБИ) өтүп кетет.

КМБИнин кандай тиешеси бар эле?

Бул суроого азыркыга чейин эч кимде жооп жок. 2005-жылы иликтөө иштери жүргүзүлбөй калгандыктан, мейманкана ээсинин алмашуусу канчалык мыйзамдуу экенине азыр баа берүү кыйын. Аталган ишкананын негиздөөчүсү — Руслан Сарымсаков.

Анын айтымында, 1996-1997-жылдары малайзиялык инвестор мейманкананы өнүктүрүүгө 2 миллион доллар салган, анда түрк компаниясы акча бөлбөгөн жөн гана подрядчик болчу.  Бирок, ээси алмашкандан кийин малайзиялык инвестор четте калып калган.

Кожоюндун капысынан алмашканын мамлекет кандай кабыл алган?

Сот жаңы компанияны мейманкананын ээси деп тапкан. Муну менен катар өкмөт Кыргыз-Малайзия биргелешкен ишканасы менен объектинин жаңы жетекчилиги мамлекет алдындагы карызынан 2011-жылга чейин кутулары жөнүндө келишим түзгөн. Бирок Сарымсаков өз мойнуна мындай жоопкерчиликти албаганын айтат.

2011-жылы эмне болду эле?

Мейманкана карызын төлөбөгөндүктөн, Финансы министрлиги КМБИни сотко берген. Анда министрлик 10 миллион долларды кайтарып берүүнү талап кылган. Бишкектин райондор аралык соту мүлктү камакка алганы менен, андан жогорку инстанция мындай чечимди жокко чыгарган.  Анткен менен кийинки жылда мүлктү кайра эле камакка алышкан.

Түрк компаниясы эмне болду эле?

2009-жылы "Систем Мюхендислик" кыргыз өкмөтүн Женева сотуна берген. Сот министрлер кабинетин түрк компаниясына 11 миллион доллар төлөп берүүгө милдеттендирген. Соттон утулуп калган кыргыз өкмөтү кыйчалыш абалга туш болгон. Анткени чет элдик соттор Кыргызстандын Centerra Gold Inc компаниясындагы акцияларын камакка алып коюшкан. Түрк компаниясы 4 миллион акция менен алардын дивиденддерин "тоңдуруп" коюуга жетишкен. Бирок кыргыз өкмөтү бул сумманы Кыргыз-Малайзия биргелешкен ишканасынан өндүрүп алууну чечкен.

Ишкана адал акчаны төлөгөнбү?

Жок. Анын ордуна Сарымсаков маселени чечүүнүн башка жолун сунуштайт. Ага ылайык, Эл аралык бейтарап соттун чечими менен түрк компаниясы Сарымсаковго төлөп бере турган 569 миллион сомду кыргыз өкмөтү талап кылмай болот. Бирок, мейманкананы камактан чыгарышы керек эле.

Өкмөт буга макул болобу?

Сарымсаков сунуштап жаткан акчанын суммасы кыргыз өкмөтү түрк компаниясына берүүгө милдеттүү болгон суммага барабар эле. Бирок аткаминерлер мындай келишимден баш тартышкан болчу. Жыйынтыгында карыз мамлекеттик казынадан төлөнүп, Кыргызстандын камакта турган акциялары 2016-жылдын 16-июлунда гана чыгарылды.

© Sputnik / Акылбек Батырбеков
Сатыкка коюлган "Ак-Кеме" мейманканасынын асмандан көрүнүшү

КМБИ карызын төлөдү беле?

Мейманкана өкмөткө карызын дагы, салыгын дагы төлөгөн эмес. Сарымсаков анын ишканасы мамлекетке акча карыз эместигин, ал эми мамлекеттик органдар мейманкананын ишине "аралашып" алган үчүн салык төлөөгө жөндөмсүз экенин айтып келет.

Жыйынтыгында мамлекет 2016-жылдын 11-октябрында сот аткаруучулардын колу менен мейманкананы сатыкка коюп, баштапкы баа катары 956 миллион сомду белгилеген. Бирок аны эч ким сатып алгысы келген эмес. Басын түшүрүп, кайрадан "базарга" чыгаруунун дагы пайдасы тийген жок. Ушундан кийин объектини Финансы министрлигинин менчигине, андан соң  "Мүлк" ишканасынын балансына өткөрүп беришкен.

Чекит коюлабы?

Эми мейманкананы өз менчигинде калтыруу же кайрадан сатыкка коюу чечимин мамлекет кабыл алыш керектигин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Маммүлк фондунун жетекчиси  Болсунбек Казаков билдирди.

Ал эми мейманкананын экс-жетекчиси Руслан Сарымсаков мүлктү өзүнө кайтарып алуу үчүн эл аралык сотко кайрылаарын айтат.

Макалага ачык булактардын маалыматтары жана расмий өкүлдөрдүн пикирлери пайдаланылды.

301
Белгилер:
өкмөт, салык, карыз, "Ак-Кеме" мейманканасы, Руслан Сарымсаков
Тема:
Курчоого алынган "Ак-Кеме" мейманканасы (8)
Тема боюнча
"Ак-Кеме" мейманканасынын жаңы ээси "Мүлк" мамлекеттик ишканасы болду
"Ак-Кеменин" эшигин кантип сындырышты. Мейманкана кызматкери тартып алган видео
Муниципалдык кызматкер карды тазалап жатат. Архив

Ишембиге карата аба ырайы

5
23-январга караган түнү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Ишембиде күндүз республика боюнча жаан-чачын күтүлөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда -4…-9, Таласта -3…-8, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 0…-5, Ысык-Көл жергесинде -2…-7, Нарын өрөөнүндө -8…-13 градус болору айтылды.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте -5…-7, Ош шаарында -2…-4 градус болот.

5
Белгилер:
Кыргызстан, январь, аба ырайы
Тема боюнча
Абайлагыла, сак болгула! Айдоочуларга эскертүү берилди
Пишпек уездик Аткаруу комитетинин төрагасы Иманалы Айдарбеков кызы Рафа менен. Архив

Улуу кызы киши колдуу болуп, кичүүсүн качырып. Иманалы Айдарбеков жөнүндө 10 факты

75
(жаңыланган 20:55 22.01.2021)
Кыргызстандын түптөлүшү үчүн бир топ кишинин эмгеги жумшалган. Азыр барк-баасын билип-билбей, баалап-баалабаган мамиле менен "эркелеп" жашап жаткан мекенибиздин эгемендүүлүгү үчүн өмүрүн аябаган дагы бир адам бар. Ал — Иманалы Айдарбеков.

"Мындан жүз жыл мурда мамлекеттүүлүк үчүн күрөшүп, биздин аймакта жашаган элди бир чамгарак алдына бириктирүү маселеси жаралган. Өз мезгилинде чоң таятам Иманалы Айдарбеков жолдоштору менен биргеликте өзүнчө автономдуу республика түптөөгө жетишти. Ал жогорку билимдүү, алысты көрө билген, даанышман мамлекеттик ишмер болгон. Айдарбеков элдин башын бириктирип, кыска мөөнөттүн ичинде мамлекеттин түзүлүшүн калыптандырып, борбор шаарды азыркы Бишкектин аймагына которгон. Калкка кызмат кылуу — анын бирден-бир милдети болчу. Бул үчүн ал өз өмүрү менен да кош айтышкан...".

Бул Иманалы Айдарбековдун чөбөрөсү, экс-министр Чыңгыз Айдарбековдун жазганы.

Sputnik Кыргызстан агенттиги ысымы тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калган, кыргыз интеллигенциясынын каймактарынын бири Иманалы Айдарбековдун өмүрүндөгү урунттуу учурларга кайрылып, анын оор жана маңыздуу турмушу тууралуу факты даярдаган. Материалды даярдоого Иманалы Айдарбековдун небере келини Зифаргүл Айдарбекова (аны кээ бир басылмалар небере кызы деп жаңылыш жазып жүрүшөт - ред.) жана чөбөрөсү Чыңгыз Айдарбеков жардам берди.

Билим алуусу. Иманалы Айдарбеков 1884-жылы азыркы Сокулук районунун Жал айылында жарык дүйнөгө келет. Атасы Айдарбек Турдин Күнтуу болуштугунда манап болгон. Кичинекей Иманалынын зиректигин байкаган атасы уулунун билимдүү болушун көздөп, аны орус-тузем мектебине окутат. Кийин ал билимин тереңдетүү максатында Пишпек айыл чарба мектебин да аяктайт. Андан нары Ташкенттеги гидротехникалык техникумда үч жыл билим алган соң атасынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу окуусун таштоого мажбур болот. Анткени атасынын ордуна ошол аймактагы элге баш-көз болуу анын милдети эле.

Эмгек жолу. Иманалы Айдарбеков алгач Пишпек уездинин генерал-губернаторунун жардамчысы жана котормочу болуп эмгектенет. Кийинчерээк "Алыш ордо" партиясын түзүүгө катышат. Айдарбеков өзү манаптын уулу болгондугуна карабай советтик бийликтин орношуна зор салым кошуп, мамлекеттик ишмер катары таанылган. 1918-жылдын башында РКП(Б)га мүчөлүккө өтүп, бара-бара Пишпек шаардык уездинин кеңешинин мүчөсү катары ага төрагалык милдет тагылат. 1924-жылы Кара Кыргыз автономиялуу облусунун Ревкомунун төрагасы болуп дайындалат.

Үй-бүлөсү. Иманалы Айдарбеков жубайы  Кичкен Айдарбекова менен кантип таанышып, экөө качан баш кошкону тууралуу маалымат жок. Кичкен апа Сокулук районунун Байгелди айылында туулуп-өскөн. Жубайлар Токтобүбү жана Рапия аттуу эки кыздуу болушат. Айдарбеков үйдөн үнүн бийик чыгарып сүйлөбөгөн, өтө интеллигенттүү адам болгон дешет. Китеп окуганды жакшы көргөндүктөн үйүндө чоң китепканасы бар эле. Ошондой эле жылкы баласына жакын болуп, ата конушунда мал да кармачу экен.

Жан чыдагыс кыйноо. Иманалы Айдарбеков кан жыттанган кара келтекке тушугуп, 1937-жылы 53 жашында камакка алынат. Аны совет бийлигин орнотууда чогуу иштеп, кыргызга жан-алы калбай кызмат кылган Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов өңдүү санаалаш адамдарына каршы үгүттөп, "кыргыздын саткындары" деп жазып бересиң" деп кыйноого алышат. Айдарбеков бир жыл бою түрмөдө сабалып, азап чеккен.

"Алаш" партиясынын душмандарынын бири Рахманкул Худайкуловдун жалган жалаасы менен Айдарбеков бардык кызматтан алынгандыгы тууралуу Рафа Айдарбекованын айткандарын Зифаргүл апа баяндап берди. 

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков. Архивдик сүрөт
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
"1937-жылы кооптуу түндөрдүн биринде Ички иштер эл комиссариаты (НКВД) чүмбөттөлгөн автоунаасы менен келип, Иманалы Айдарбековду үйүнөн алып кетишкен экен. Үй-бүлөсү анын каякта экендигин жана ага эмне болгондугун билген эмес. Бир жыл бою түрмөдө кыйнап, шылдыңдап, жалган айыптоо кагазына кол коюусун талап кылышкан. Болбосо атып саларын айтып коркутушат. Бирок Айдарбековду майыштырып, айтканынан баш тарттыра алышпаптыр", — деп баяндап берди келини Зифаргүл Айдарбекова.

Эгер Айдарбеков кордукчуларга макул болсо, анын абактан бошотуларын да айтышат. Бирок ал керт башынын, үй-бүлөсүнүн амандыгын эмес, мамлекеттин кызыкчылыгын жогору койгон.

Кызы киши колдуу болуп... Кийин камалып кеткенде кыйноонун талабына макул болбогондугу үчүн Иманалы Айдарбековдун үй-бүлөсүнө да мыкаачылык жасалган. Камалгандан көп өтпөй, 22 жаштагы улуу кызы, студент Токтобүбүнү сабактан чыгып келе жатканда өлтүрүп кетишет. Кыздын сөөгү эки күндөн кийин көчөдөн табылган. Бул бейкүнөө өлүм үчүн эч ким жооп берген эмес. Сиңдиси Рафа Иманалиевнанын эскерүүлөрүндө Токтобүбү Фрунзедеги Айыл чарба институтунда билим алып жаткан. Ал абдан боорукер, жумшак мүнөз, камкор кыз болгон экен.

Ошондой эле Айдарбековдун бир туугандарынын да көзүн тазалашкан. Энеси кичүү кызы Рафа Айдарбекованын өмүрүн сактап калуу үчүн аны Москвага качырат.

Актриса Айша Карасаева жана филолог Кусеин Карасаев. Архив
© Фото / предоставлено мемориальным музеем им К. Карасаева
"Апабыз кызын куткаруу максатында жакын санаалаш достору менен сүйлөшөт. Алар Рафаны Москвага кетүүчү поезддин алдындагы ит салуучу кутуга катып, алып кетишет. Москвага эптеп жеткен кыз ооруканага санитарка болуп орношот. Бейтаптарды карап, палаталарды жыйнап, оорулууларга тамак берчү экен. Анын тырышчаактыгын, эмгекчилдигин жана өтө кылдат кыймылдаганын байкаган Москванын биринчи мединститутунун кафедра башчысы андан жакшы врач чыгарын айтып, мединституттун дарылоо факультетине тапшырууга түрткү берген экен", — деди Зифаргүл апа.

Кийин Рафа Иманалиевна медицина тармагында белгилүү врач-хирург болуп чыга келет. 4-курста окуп жүргөндө согуш башталып, атасынын ак экенин далилдөө үчүн 1941-жылы өз эрки менен фронтко аттанат. Согуш талаасында жарадар болгон аскерлерге жардам берип, жеринде операция жасап, өлүмдөн арачалап отуруп Берлинге чейин жеткен. Согушта 1941-жылдан 1946-жылга чейин жүрүп, подполковник чини менен кайтат.

Атасынын өлүмүн иликтейм деп эсинен танып... "Апабыз 1946-жылы, согуш аяктаганда, мекенине кайтып келип атасынын атылып кеткенин угат. Иманалы Айдарбековду реабилитациялоо маселесин көтөрүп, Москвага бир нече ирет кайрылган. 1957-жылы гана Москвадагы аскердик коллегия кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу Айдарбековду актаган. Ушундан кийин гана Рафа Иманалиевна КГБнын жашыруун архивине кирүүгө уруксат алып, каматуунун себептери, сурактын жүрүшү жана атылышы боюнча документтер менен таанышат. Атасы менен тергөөчүнүн алгачкы сурактарындагы бир эпизодду айтып бергени эсимде. Тергөөчү адаттагыдай эле аны жолдошторун "эл душмандары" деп кол коюп бересиң деп кыйноого алат. Айдарбеков: "Мени атып салсаңар мейли, бирок мындай жалган жалаага эч качан кол коюп бербейм. Менин ишимди улантуучу жолдошторум ушулар", — деп жооп кайтарып туруп алат. Буга ачуусу келген тергөөчү колуна табуретканы алып, болгон күчү менен Айдарбековду башка чаап жиберет. Эс-учун билбей жатып калган Айдарбековдун башынан кан жая берет. Андан кийин тергөөчү: "Иманалы Айдарбековду кол койдурууга эч мүмкүн болбой жатат, муну тезинен жок кылуу керек", — деп басып кеткен экен. Мындай зулумдукту окуган апабыз кан күйгөн согушту көрүп келгенине карабай ошол жерден эсин жоготуп жыгылыптыр", — деди Зифаргүл Мусулманкуловна.

Иманалы Айдарбеков 1938-жылдын 5-ноябрында жергиликтүү шаардык абактын алдында атылган. Бул тууралуу үй-бүлөсү согуш бүткөндөн кийин гана билген.

Кичкен Айдарбекова көргөн азап. Күйөөсү камалып кеткенден кийин жетиштүү турмушка, элдин сый-урматына көнүп калган айым үчүн турмуш оңой болгон эмес. Ички иштер эл комиссариаты шаардын чок ортосундагы заңгыраган үйүн, кичи мекениндеги жер тилкелерин, мал жандыгын, баалуу буюмдарынын баарын дароо алып койгон. Кичкен апа кыздары менен көчөдө калган. Айла жок досторунукунда жашайт, иштейин десе "эл душманынын аялы" катары жумушка алынбайт.

"Кызы Рафа Иманалиевна фронтто өзүнө берилген тамактарын (тушенка, шоколад, консерва) чогултуп, апасына жиберип турчу экен. Кээ бир жибергендери жетпей да калчу деп айтчу эле. Кичкен апа 1946-жылга чейин кызынын согуштан кайтып келишин күтүп, анын үлпөт тоюна да күбө болгон. Ал киши небереси Азаматты көрүп, багып да калган экен", — деди келини Зифаргүл Мусулманкуловна.

Кичкен Айдарбекова 1948-жылы узакка созулган оорудан улам көз жумган.

Сөөгү туулган айылына жакын жашырылып... Иманалы Айдарбековдун сөөгү Абдыкерим Сыдыков, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов, Баялы Исакеев өңдүү замандаштары жана үзөңгүлөштөрү менен бирге өзү туулуп-өскөн Жал айылынан анча алыс эмес жердеги "Ата-Бейитке" коюлган. Бул тарыхый окуяга Рафа Айдарбекова да катышып, бул жагынан көөнү тынч кетет.

Уучу кур эмес - министр, профессор чөбөрөлөр. Иманалы Айдарбековдун небереси, Рафа Айдарбекованын уулу  Азамат Айдарбеков белгилүү хирург болуп, докторантураны Москва шаарында Россиянын Илимдер академиясынын онкология борборунда аяктаган. Ал 2005-жылы оорудан каза тапкан. Келини Зифаргүл Айдарбекова да медицина илимдеринин доктору, профессор. Азыркы тапта Медициналык академиянын гистология кафедрасынын жетекчиси. Ал эми алардын кызы Айжан Айдарбекова да медицина илимдеринин доктору, профессор. Анын уулу — Иманалы Айдарбековдун чөбөрө жээни Чыңгыз Айдарбеков КРдин мурдагы тышкы иштер министри.

Кызынын керээзи. Рафа Айдарбекова Бишкектин бир көчөсүнө атасынын атын койдуруп, эстелигин тургузууга абдан далалат жасайт. Бирок бул маселе убагында ишке ашкан эмес. Ошондой эле өзү чоңойгон үйдү, атасынын Бишкектин Биринчи май (азыркы Раззаков) көчөсүндө жайгашкан тамын музейге айлантуу тилеги бар эле.

"Көзү тирүү кезинде мени атасынын үйүнө ээрчитип барып көрсөтүп: "Ушул үйдө чоңойгом, үйдү кайтара албай жүрөм. Эгер көзүм өтүп кетсе, Иманалы Айдарбековдун үй-музейи кылгыла", - деп айткан. Бирок ушу кезге чейин ишке ашыра албай келе жатабыз. Мамлекеттин балансындагы эле үй-музей кылуу максатыбыз бар. Азыр башка кишилердин колуна өтүп кетиптир", — деди Зифаргүл Айдарбекова.

Рафа Айдарбекова 1996-жылы каза болор алдында келини Зифаргүлгө атасынын ишин аягына чыгарууну керээз кылат. Келини болгон күчүн жумшап, бала-бакырасы менен 2010-жылы "Иманалы Айдарбеков атындагы фондду" негиздеп, 2014-жылдын августунда эстелик койдурууга жетишип, "Биринчи" аттуу китебин чыгарышат.

75
Белгилер:
Чыңгыз Айдарбеков, мамлекет, факты, Иманалы Айдарбеков
Тема боюнча
Кыргыздын салт-санаасын жайылтты деп жектеп... Константин Юдахин тууралуу 10 факты