Бишкекте мыкты бүтүрүүчүлөрдүн балы өтөт

Жазылуу
Иш-чара 24-июнь күнү, кечки саат 17:00дө башталат.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Борбор калаада 2017-жылдагы мыкты бүтүрүүчүлөрдүн балы өтөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө караганда, иш-чара 24-июнь күнү уюштурулат.

"Бүтүрүү кечесинде борбор калаадагы билим берүү мекемелеринин 11-классынын бүтүрүүчүлөрүнө салтанаттуу түрдө кызыл аттестаттар тапшырылат. Белгилей кетсек, 2017-жылы шаардык мектептерде 9-классты 9 миң 997 окуучу, ал эми 11-классты 5 миң 709 бүтүрүүчү аяктады", — деп жазылат маалыматта.

"Алтын" бүтүрүүчүлөрдүн арасында шаардык жана республикалык олимпиаданын, шаардык жана республикалык сынактардын лауреаттары, жеңүүчүлөрү бар.

Салтанаттуу иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов жана шаардык кеңештин депутаттары, мектеп жетекчилери катышмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0