"Сенден көрө жигитим өлсө болмок". Соцтармакты көз жашка толтурган Кемалдын өлүмү

© SputnikКадр из турецкого сериала Черная любовь (Kara sevda). Фото со страницы Instagram пользователя krs_svd_
Кадр из турецкого сериала Черная любовь (Kara sevda). Фото со страницы Instagram пользователя krs_svd_ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки жылга созулган "Сокур сүйүү" (Kara sevda) түрк сериалы 22-июнда соңуна чыкты. Тасма башкы каармандын өлүмү менен аяктайт. Сериалга Хилал Сарал режиссерлук кылган.

Социалдык тармактын колдонуучулары "аза күтүүгө" чейин барышты. Ызасына чыдабагандар сериалдын режиссерун, сценаристтерин ур-тепкиге алууга да даяр тургандай.

"Сокур сүйүү" сериалы 2015-жылдын сентябрь айынан тарта эфирге чыгып, жумасына бир жолу көрсөтүлүп турган. Тасмада инженер Кемал (Бурак Өзчивит) менен бардарчылыкта жашаган сүрөтчү кыз Нихандын (Неслихан Атагюл) сүйүү үчүн күрөшү чагылдырылат. Бирок ишкердик багытындагы компанияларды жетектеген Эмир (Каан Урганджиоглу) да Ниханды акылынан адашканга чейин сүйгөндүктөн экөөнүн бир болуусуна тоскоолдук кылып турган. Ал кыздын үй-бүлөсүнүн өмүрүнө коркунуч жаратып, күч колдонуу менен аны аялдыкка алып алган. Ортодо күрөш катуу болуп жалпак тил менен айтканда, Нихан менен Кемал тар кечүү, тайгак жолдорду басып өтөт. Беш жылдан кийин экөө баш кошуп эңсеген бактылуу күндөрүнө жетет. Сериал ушул жерине жеткенде көрүүчүлөрдүн бардыгы өх-хх.. деген. Бирок акыркы сериясында Эмир Ниханды тоого алып барып жанына бомба байлап коёт. Аны куткарууга келе жаткан Кемал жолуна коюлган минаны басып алат. Ниханды алып кетүүгө келген Эмир да кокусунан минаны тебелеп алып ордунан жыла албай калат да, Ниханга жол көрсөтүп чыгарып жиберет. Сапёрлор келип минаны зыянсыздандыра албай коюшкан. Натыйжада экөө тең жарылуудан каза болот.

Трагедиянын кульминациялык учурунун видеосун жүктөп көз жашын көлдөткөндөр соцтармакты каптап кетти. "Кемал чын эле өлдүбү? Жүрөгүм жарылды, эмне үчүн?" деп ишенгиси келбегендер арбын.

 

😂😂😂😂😂😂😂#Кемаль #OneLove💔😂

Публикация от @hildeharoeva Июн 22 2017 в 11:57 PDT

Ызаасына чыдабаган кыздар Кемал үчүн өзүнүн жигитин курмандыкка чалууга даяр экен. Арасында "мындан көрө менин жигитим өлүп калса болмок" деп жазгандар болду.

Замира Замирбекова аттуу колдонуучу сценаристтерди токмоктогусу келип жатат. "Ушул кантип болсун? Эки саат бою тынбай ыйладым, Лукас менен Жади деле 20 жылдан кийин табышты эле го, жада калса Саша Белый жашап кеткен. Бул сериалды көргөнүмө өкүнүп жатам" деп жазып чыкты.

"Менин Кемалымды өлтүрүүнүн акыбети кандай болорун көрсөтөм силерге!", "Мен дагы Кемал менен кошо жок болуп кетейинчи", "Рамазан айында ушундай кылуунун кереги бар беле?"

"Бүгүн жааган жамгыр "Сокур сүйүү" сериалынын фанаттарынын көз жашынан куралды".

"Кудуреттүү Кемал Сойдер каза болгонуна байланыштуу дүйнө боюнча аза күтүү күнү жарыяланды. Хилалдын жашоосу коркунучта" деп Turkish аттуу колдонуучу режиссердун коопсуздугуна кам санаган.

Ал арада Кемал режиссердон сериалдын 3-сезонду тартууну талап кылып жаткан видеону монтаждап чыгышты.

HOŞÇAKALIN✋️✋️✋️✋️hilal kaçar✋️✋️✋️✋️

Публикация от Hilal Saral (@hilalsaral) Июн 21 2017 в 2:51 PDT

Режиссер Нилал Салал соцтармакка жооп катары Instagram баракчасына #karasevda деген хэштег менен "Сүйгөнүң үчүн жаныңды бере албасаң, анда аны сүйгөнүм дебе" деп жазып комментарийлерди блоктоп салган.

Буга карабай дайрект аркылуу "Мындан ары сен тарткан сериалдарды көрбөйм, кардиологумдун акысын төлөп бересиң. Менин өмүрүмдөгү эң жек көргөн адамым болдуң, сен Эмирден да жамансың! Жайында барып сага көргүлүктү көрсөтөм" деп жазгандар болуптур.

Жакындарынын кайгысын түшүнгөн адамдар Кемалдын манайы шат каткырып отурган видеосун чыгарып фанаттарды сооротуга аракет кылууда.

Баары сериалдын аягы ушинтип бүтөөрүн күткөн эле.

#KaraSevda ekip ve seyircilerimize çok teşekkür ederim… 🙏🏻

Публикация от Neslihan Atagül Doğulu (@neslihanatagul) Июн 21 2017 в 2:17 PDT

Неслихан Атагюл (Нихан) да 22-июнда Instagram баракчасы чыгармачылык топко жана күйөрмандарга ыраазычылык билдирип, тасма жөнүндө ооз ачкан эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0