Оорукана кызматкери. Архив

Россия менен Кыргызстан кара тумоонун алдын алуу боюнча кызматташат

61
(жаңыланган 11:40 24.06.2017)
Сооронбай Жээнбеков колдонуучулардын укугун коргоо жаатында өзгөчө көңүл бурулаарын баса белгиледи.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Россиянын Санитардык башкы дарыгери Анна Попова менен жолугуп, санитардык-эпидемиологиялык жааттагы кызматташууну талкуулады. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

  • Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Россиянын Санитардык башкы дарыгери Анна Попова менен жолугуп, санитардык-эпидемиологиялык жааттагы кызматташууну талкуулады
    Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Россиянын Санитардык башкы дарыгери Анна Попова менен жолугуп, санитардык-эпидемиологиялык жааттагы кызматташууну талкуулады
    © Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
  • Анда санитардык-эпидемиологиялык жааттагы кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн.
    Анда санитардык-эпидемиологиялык жааттагы кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн.
    © Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
1 / 2
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Россиянын Санитардык башкы дарыгери Анна Попова менен жолугуп, санитардык-эпидемиологиялык жааттагы кызматташууну талкуулады

Анда санитардык-эпидемиологиялык жааттагы кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн. Жээнбеков Россиянын колдонуучулардын жана адамдын жайлуулугун көзөмөлдөгөн федералдык кызматтын (Роспотребнадзор) Кыргызстан менен кызматташуусу маанилүү экендигин баса белгиледи.

"ЕАЭБдин алкагында биздин өкмөт колдонуучулардын таламын талашууга өзгөчө көңүл коюп, ушул жаатта кызматташууга өзгөчө көңүл бурат", — деди өкмөт башчы.

Жолугушууда Попова кызматташууга ыраазычылык билдирип, Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында эки өлкө ортосунда кара тумоо илдетинин алдын алуу боюнча долбоорду ишке ашыруу жүрүп жатканын айткан.

61
Белгилер:
Анна Попова, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Жээнбеков май куюучу жайлардын баарын текшерүүнү талап кылды
Кыргызстандык Толтоев Новосибирскиде "мыкты дарыгерликке" ат салышууда
Ресторан. Архив

Бишкек мэриясы кафе-ресторандардын ишине чектөө киргизди

101
(жаңыланган 21:25 16.06.2021)
Борбор калаада эпидемиологиялык абал оор бойдон калууда. Бишкек шаары ушул тапта "кызыл” зонада турат.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Эртең, 17-июндан тарта, Бишкектеги түнкү клуб, кафе, ресторан, караоке, бар сыяктуу көңүл ачуучу жайлардын ишине чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу социалдык маселелер боюнча шаар жетекчисинин орун басары Виктория Мозгачеванын жетекчилигинин алдында болгон эпидемиологиялык абал боюнча жыйында белгилүү болду.

Мэриянын маалыматына караганда, буга шаарда коронавирус инфекциясына карата абалдын оор болуп турганы себеп болууда.

“Бишкекте көңүл ачуу жайлар саат 23.00дөн 07.00гө чейин жабылышы керек. Бирок тамак жеткирип берүү кызматтары мурдагыдай тартипте эле иштей берет. Мындай чектөөлөр абал жакшырганга чейин сакталат”, — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле коомдук транспортто дезинфекциялоо иштери, санитардык нормалардын сакталып жатышы боюнча рейддерди күчөтүү сунушталды.

Эске салсак, борбор калаада эпидемиологиялык абал оор бойдон калууда. Бишкек шаары ушул тапта "кызыл” зонада турат.

101
Белгилер:
чектөө, коронавирус, Бишкек мэриясы, Бишкек
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Кол чатыр. Архив

Бейшембиге карата аба ырайы

17
17-июнга караган түнү көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Бейшембиде күндүз кээ бир райондордо жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Абанын температурасы Чүй облусунда +28…+33, Таласта +27…+29, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31…+36, Ысык-Көл аймагында +21…+26, Нарын өрөөнүндө +19…+24 градуска жетет.

Күндүн табы Бишкекте +29…+31, Ош шаарында +30…+32 градусту көрсөтөт.

17
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Өзбекстанда жеке компаниялар электр энергиясын сааттап сата баштайт
АКШ президенти Жо Байден

Байдендин маалымат жыйынына россиялык журналисттерди киргизбей коюшту

0
Россия лидеринин жыйынтыктоочу маалымат жыйынына АКШлык журналисттер дагы катышып, суроолоруна жооп ала алышты.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Россиялык журналисттерди АКШ президенти Жо Байдендин маалымат жыйынына киргизбей коюшканын Sputnik International кабарлады.

Маалыматка карганда, аларды аталган иш-чарага аккредитациядан өткөрбөй коюшкан.

Ак үйдүн маалымат кызматы чет элдик журналисттерди каттоого ала турган кызматкердин байланыш номерин берген. Бирок ал россиялык журналисттердин өтүнүчүн көңүл сыртында калтырып койгону айтылат.

Эске салсак, бүгүн Жо Байден менен Владимир Путин Женева саммитинен кийин Ла Гранж вилласынан көрүшүп, эки этап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Россия лидеринин жыйынтыктоочу маалымат жыйынына АКШлык журналисттер дагы катышып, суроолоруна жооп ала алышты.

0
Белгилер:
журналист, Женева, Владимир Путин, Жо Байден
Тема боюнча
Өзөктүк согушта жеңүүчү болбойт! Путин менен Байдендин биргелешкен билдирүүсү
Путин Байден менен жолугушуусу кандай өткөнүн айтып берди
Путин: Байден “жан алгыч” деп эмнеге айтканын түшүндүргөн
Путин менен Байден RT жана Sputnik радиосунун ишин талкуулады