Орозо айтта Бишкектин бир нече көчөлөрү жабылат. Карта

Жазылуу
Коомдук тартипти милициянын эки миң кызматкери жөнгө салат.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Орозо айт намазы учурунда Бишкектин борбордук көчөлөрү жабылаарын борбор калаанын милициясынан кабарлашты.

Эске сала кетсек, быйыл орозо айт 25-июнга белгиленген.

"Айт намазы учурунда милициянын эки миң  кызматкери коопсуздукту сактап, жарандар тыкыр текшерүүдөн өткөрүлөт", — деп жазылат маалыматта.

Намаз учурунда Фрунзе көчөсү Панфилов көчөсүнөн  Эркиндик бульварына чейин; Абдымомунов көчөсү Панфиловдон Тыныстанов көчөсүнө чейин; Орозбеков жана Раззаков көчөлөрү Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин жабылат.

Шаардык милиция жарандарды тартипти сактап, жабылбаган жолдор менен жүрүүгө чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0