Ананьеводо жаштар акча чогултуп, муктаж үй-бүлөлөргө жардам берди

© Фото / пресс-служба ДУМК КРГуманитардык азык-түлүктөр. Архив
Гуманитардык азык-түлүктөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чогултулган 33 миң сомго азык-түлүк алынып, муктаж болгон 31 үй-бүлөгө таратылган.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусундагы Ананьево айылында демилгелүү жаштар акча чогултуп, колунда жокторго азык-түлүк алып берген. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматта чогултулган 33 миң сомго азык-түлүк алынып, муктаж болгон 31 үй-бүлөгө таратылганы айтылат.

"Орозо айынын урматына аз камсыз болгон жана жашоо шарты оор бүлөлөргө демөөрчүлөр тарабынан жардамдар көрсөтүлдү. Айыл жаштары турмуш шарты оор инсандарга өздөрү демилге көтөрүшүп жардам беришкени кубандырат", — деген айылдын имамы Максат Сейталиев.

Ал мындай иш-чаралар дагы да улантылаарын кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0