Адис: "Ислам мамлекетинин" террористтери Борбор Азияга кайтып келүүдө

© REUTERS / REUTERS TV"Ислам мамлекетини" террордук уюмунун согушкерелри. Архив
Ислам мамлекетини террордук уюмунун согушкерелри. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Афганистандан согуштук даярдыктан өткөн адамдар өз үйүндө террористтик уюмдарды түзүү үчүн кайтып жатышат.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Борбор Азиядан Сирияга барган террористтик топтордун мүчөлөрү өз мекендерине кайта баштаганын Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги уюмунун Антитеррордук борборунун жетекчиси Андрей Новиков билдиргенин Sputnik Өзбекстан жазып чыкты. 

Анын пикиринде, бул адамдар Афганистандан согуштук даярдыктан өтүп, эми өз үйүндө террористтик уюмдарды түзүү үчүн кайтып жатышат.

"Жакынкы арада Афганистандын КМШ курамына кирген өлкөлөр менен чектешкен аймактарында иш алып барган террордук топтордон коркунуч жаралышы мүмкүн", — деп адис билдирген.

Ал ошондой эле "Ислам мамлекетинин" тарапташтары Борбор Азияны өзүнө өтө маанилүү максат катары карап жатканын жана алар аркылуу коңшу өлкөлөргө согушкерлерди чыгаруу ыңгайы бар экенин кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0