АКШдан "Гений" болуп кайткан окуучуларды мекенинде өзгөчө шаң менен тосуп алышты

© Sputnik / Эламан КарымшаковИльяз Талант уулу экологияны коргоо багытында долбоор даярдап барып алтын медалга ээ болгон
Ильяз Талант уулу экологияны коргоо багытында долбоор даярдап барып алтын медалга ээ болгон - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШнын Нью-Йорк штатында өткөн "Генийлер" олимпиадасынан Кыргызстандын "Сапат" билим берүү мекемесинин окуучулары 16 медаль уткан.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Эл аралык "Генийлер" олимпиадасынан беш медаль уткан "Сейтек" толук эмес жалпы билим берүү мектебинин окуучулары бүгүн мекенине кайтып келишти. Аларды ата-энелери жана мектеп жамааты сый-урмат менен тосуп алышты.

© Фото / Жанболот ЖанболотЭл аралык "Генийлер" олимпиадасынан беш медаль уткан "Сейтек" толук эмес жалпы билим берүү мектебинин окуучулары бүгүн мекенине кайтып келишти
Призеры олимпиады Гение в Нью-Йорке - Sputnik Кыргызстан
Эл аралык "Генийлер" олимпиадасынан беш медаль уткан "Сейтек" толук эмес жалпы билим берүү мектебинин окуучулары бүгүн мекенине кайтып келишти

Белгилей кетсек, 12-17-июнь күндөрү АКШнын Нью-Йорк штатында өткөн "Генийлер" олимпиадасынан Кыргызстандын "Сапат" билим берүү мекемесинин окуучулары ("Айчүрөк", "Сейтек", Чыңгыз Айтматов атындагы лицей ж.б.) 71 өлкөдөн жана Америка мамлекетинин 39 штатынан келген 1100 окуучу менен 5 категория боюнча ат салышып, 5 алтын, 6 күмүш, 5 коло жана 17 кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болушкан.

Алардын бири Ильяз Талант уулу экологияны коргоо багытында долбоор даярдап барып алтын медалга ээ болгон.

Кыргызстандык окуучулар математика боюнча өткөн Азия олимпиадасында коло медалга ээ болушту - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык эки окуучу математика боюнча Азия олимпиадасынан коло медаль утту
"Ал жакка жеңем деген максат менен барып, бирок сахнага чыгууга аз калганда катуу толкунданып апама чалдым. Ал мага кеңешин айтып дем-күч бергенден кийин ийгиликтүү жактадым. Кийин сыйлык тапшыруу учурунда үчүнчү, экинчи орундарды айтып жатышты. Менин атым чыкпагандыктан өтпөй калдым окшойт деп коркуп кеттим. Анан эле биринчи орун деп чакырып калышты. Сынактан кийин ар кайсы шаарларга экскурцияга чыктык. Кения, Австралия, Чили жана белоруссиялык балдар менен достоштум. Жеңишиме себепчи болгон мугалимдерим Гүлзира Миңбаевага, Жумагүл Токуровага, директорубузга жана апама чоң ыраазычылык билдирем", — деп олимпиада чемпиону кубанычы менен бөлүштү.

Апасы Инаят Жээналиева Ильяз келечекте шаар тазалыгына кам көргөн мэр болууга максат койгонун айтат. Анткени быйылкы жаңы-жылда "Ала-Тоо" аянтында чар-жайыт ыргытылган таштандыларды көрүп маанайы чөгүп кайткан экен.

© Sputnik / Эламан КарымшаковИльяз Талант уулу экологияны коргоо багытында долбоор даярдап барып алтын медалга ээ болгон
Победитель олимпиады Гение в Нью-Йорке Ильяз Талант уулу - Sputnik Кыргызстан
Ильяз Талант уулу экологияны коргоо багытында долбоор даярдап барып алтын медалга ээ болгон

Эл аралык "Генийлер" олимпиадасына дүйнөдөгү 12ден 18 жашка чейинки окуучулар учурдун глобалдуу көйгөйлөрүн чечүү жолдорун көрсөткөн долбоорлорду даярдап барып күч сынашат.

Олимпиаданын расмий сайтында 2017-жылдагы фактылар жарыяланган. Анда Кыргызстан эң көп долбоор менен катышып жаткан өлкө катары сап башында турганын көрүүгө болот. Сынакка жиберилген долбоорлордун саны 1187ни түзсө, анын 81ин кыргызстандык окуучулар алып барган. Бишкектеги "Айчүрөк" кыздар лицейи 32 долбоор менен катышып алдыңкы сапка чыккан. Андан кийин 26 долбоор менен АКШ, 25 долбоор менен Танзаниянын мектеби турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0