Ишкер Сабитакунова: ушул жашка келип, арак сатып отуруп каламбы деп ардандым

© Фото / ассоциация молодых предпринимателей (JIA)Предприниматель Жамиля Сабитахунова
Предприниматель Жамиля Сабитахунова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төмөндө 50дөн ашып калган Жамиля Сабитакунова кантип муктаждыктын айынан ишкерчиликти баштап, улам жыгылып, өжөрлөнүп кайра туруп, бизнесин жолго салганы айтылат.

Жаратылыш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан казак туризми үчүн өтө кооптуу. Казакстандык экономист менен маек
Той ашка топурап коротпо, бизнести жүргүзүү үчүн билим ал, андан акчаны аяба, товардын сапатын баарынан бийик кой дейт. Ишкер болом дегендерге күмүш сырга. Анда кеп башынан болсун.

20 жыл биология мугалими болуп иштеп, 50 жашка чыкканда өндүрүш түптөп, айына 20 тонна продукция чыгарып ишкер айымга айланган Жамиля эженин "Naturo", "Чебурашка" деген жүгөрү таякчаларын, балалыкты эстеткен даамын билсеңиздер керек.

Бизнести кантип баштадым…

Кесибим боюнча мугалиммин. 20 жыл биология боюнча мугалимдик кесипти аркалагандан кийин көр оокаттын айынан базарга чыктым. 90-жылдардагы өткөөл заман кыргыз интеллигенциясын финансылык тунгуюкка кептебедиби. Мугалимдер, врачтар, билим берүү тармагында иштеген интеллигенция базарга агылды. Колуна ким эмне тийсе алып сатып, жан бакмай. Менин маянам 25 сом, ал эми жолдошумдуку 30 сом эле. Төрт балабыз бар. Аларды багып, бутка тургузуу үчүн кара жанымды карч уруп иштөөгө даяр элем. Ошентип бизнеске аралашып кеттим. Баштаганда өндүрүш менен баштаган жокмун, бир нерсе өндүрүү дароо ойго келбейт экен, көп мекендештерим сыяктуу Кытайдан товар алып сатып жүрдүм. Ошол кезде эсимде, менин өнөктөшүм азыркы Техникалык университеттин, мурунку политехтин проректору, 75теги улгайган киши болчу. Бара-бара соода нугуна түшүп, 15 чарчы метр кичинекей азык-түлүк дүкөнүн ачтык. Ошол кичинекей дүкөндө Кыргызстандын базары алаканга салгандай даана көрүнөт экен. Ким эмне өндүрөт, кайсы товарды ким кай жерден алып келет. Дүкөнүмдүн эң өтүмдүү товары нан менен арак. Анан ойлондум, эми ушул жашка келип, ал кезде мен 44-45 жаштамын, өмүр бою дүкөндө отуруп арак сатып каламбы… Ардандым, намыстандым…

Тигүүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тигүүчүлөр кантип байып жатышат? Дил маек
Кой деп, соодада арак менен нандан башка эмне өтүмдүү деп издене баштадым. Байкасам, жүгөрү таякчалары абдан жакшы сатылат экен. Өзгөчө сапаттуу товарга ата-энелер кызыгат эмеспи. "Эже, жанагы таттуу жүгөрүңүздү берип коюңузчу" дешип балдарын жетелеп келишет.

Бир кап үч күндө түгөнүп калат. Ата-энелер кайра эле балдарын ээрчитип келе берет. "Товар жок" деп айткандан уялам. Дүңүнөн саткан жерге барсам, "Эже, вагонду күтүңүз, Россиядан качан келет белгисиз, билбейбиз" деген жоопту алам. Менин өз ишкерлигимди баштап, продукция өндүрүүмө дал ушул сөздөр түрткү берди. Эмне үчүн Россиядан келген вагонду жарым жыл күтүшүм керек. Эмне үчүн жүгөрү таякчасын Кыргызстанда өндүрө албайбыз? Ошентип чет элдикинен кем кылбай мен өндүрөйүн деп, милдетти өзүмө жүктөп алдым.

Өндүрүштүн азабы…

50 жашка чыкканда аял башым менен өндүрүш баштоону чечтим. Баштаганын баштап алып, жабдуусунан адисине чейин издеп, таппай кыйналдым. Адис издесең эле кыйындын баары Россия, Казакстанга кетип калган болот. Айла жок, өзүм үйрөнүүгө туура келди. Бизнес, өндүрүш тууралуу эчтеке билбейт экенмин. Кытайдан станок алып баштадык. Мендей кыйналган адамдар кантет экен деп далай китеп окудум. Базар экономикасынын иштөө принциптери, өндүрүш сырлары, чет элдик бизнес бестселлерлери деп отуруп, төрт жыл ичинде 100гө чукул китеп окудум. Менин көйгөйүмдү түздөн-түз чечпесе да, окшош мисалдарды иликтеп отуруп, бир нукка салып жагдайдан чыгып кеттик. Биздин өлкөдө эмнеге өндүрүш аз экенин ошондо түшүндүм. Оңой оокат жок дечи, бирок өндүрүш биздин өлкөдө чоң кыйынчылыктар менен коштолгон процесс. Билим, тажрыйба, изденүү, тааныш, туруктуулук жана каражат талап кылынат. Өндүрүш — маселенин бир гана жагы. Дагы бир маанилүү жагдай — өндүрүлгөн продукцияны базарда сата билүү керек. Ал эми атаандаштык деген күч. Көпчүлүк ишкерлер атаандаштыктан коркот. Атагы чыккан Брайан Трейсинин соодалоо, сатуу боюнча 4-5 китебин окудум. 2015-жылы Бишкекке келгенде жандуу маегине, бир күндүк тренингине 600 доллар төлөп катыштым. Биринчи катардан орун алып, ошол жерде мээмдин ичине от коюлгандай эле болду. Коркпой миллион долларга бизнес долбоор жазышты ошол жерде айтты. Миллион доллар десе жүрөк түшөт да. Негизи эле окуудан, өзүмө билим жактан инвестиция кылгандан аянган жокмун. Атайын убакыт бөлөм. Кыргыз-жапон бизнес курстарын ийгиликтүү аяктап, Японияга чейин барып окуп келдим. Кээ бир бизнесмендер китеп окууга, курска барууга убакыт жетпейт дейт. Мен аларды түк түшүнбөйм. Бизнес менен илим ажырагыс түшүнүк да. Японияда жүрүп бир нерсени түшүндүм, эгер ийгиликтүү болгуң келсе, товардын сапатына басым жасашың керек экен. Ошону менен тааныласың. 

© Фото / ассоциация молодых предпринимателей (JIA)Ишкер Жамиля Сабитакунова
Предприниматель Жамиля Сабитахунова - Sputnik Кыргызстан
Ишкер Жамиля Сабитакунова

Артка тарткан кемчиликтер…

Жаңы өндүрүш башталып товарымды бир жерге сатканы алып барсам, дүкөн ээси карабай туруп эле босогого ыргытып жиберди.

Коммерциялык банктардын биринде насыялоо башкармалыгынын жетекчиси, финансист Айдин Данияров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кредитке алынган келиндер — насыя тууралуу олуттуу маек
"Кыргыз качан сапаттуу бирдеме чыгарчу эле" деди… Мен өзүм биологмун да, кыргызда, оруста, өзбекте айтор баарында эле бир килограмм мээ бар. Эмне үчүн кыргыз башка улуттардай жакшы товар чыгарбашы керек? Аракет кылсак, бири-бирибизди колдосок, колдон баары келет. Мен ошол окуядан кийин кылымдарды карыткан кыргыз кантип бул абалга келди деп көп ойлондум. Кайрадан баягы жаш кезде окуган кыргыздын залкарларын окуп чыктым. Жан дүйнөмдөн тышкары, бизнесиме да далай азык таптым. "Бекердин чолоосу жок". Мына, кыргыздын тайм менеджментин карагылачы. Бир кой союп конок узатып коюу — мына финансылык менеджмент. Бирок күнүмдүк турмушта ата-бабадан калган татынакай салтыбызды аша чаап "эл эмне дейт, эл көрсүн" дегенге айландырып алдык. Салт деген турмушка баалуулук кошуш керек.

Көп учурда баштапкы бизнес үй-бүлө менен башталат. Каражат жок, кеңсе жок, өндүрүш цехи жок, анан үйдөн баштайсың. Кызматкерлериң, өнөктөштөрүң үй-бүлө мүчөлөрү, жакының, тууганың. Бирок башкаруу өтө кыйын болот. Бизнес үчүн алар менен урушуп, катуу айта албайсың. Ошондуктан мен бара-бара команданы кесипкөй адистерден кура баштадым. Бул замандын талабы. Башта финансылык билим алуу зарыл деп эсептейм. Деги эле кыргыздарга бир гана бизнесте эмес, жеке турмушта да финансылык билим зарыл. Акча чогулта албай эле тапкан акчабыз нан-чайдан чыкпай калып жатпайбы. Той-ашка кеткен убакыт, чыгымды айтпай эле коеюн. Бизнести ачканын ачып алып, кээ бир ишкерлер башка жерге жумушка кирип алат карьера жасайт элем деп… Ээ айланайын, сен ишенбеген идеяга сенин койгон кишиң кантип ишенсин дегиң бар?

Акча табуу жолун акча тапкан киши гана үйрөтөт

Бизнесте бардык кыйынчылыкка чыдап, өркүндөтө турган билим керек. Бирок ал даяр билимди эч ким бербейт. Менин Америкадагы бизнес-тренерим "10 000 сом тапкан бирөө кантип 1 миллион тапканды үйрөтсүн" деп тамашалап айтып калат. Акча тапкан киши гана акча тапканды үйрөтө алат. Ошонун сыңарындай, миллион доллар тапкыңыз келсе, милионерлер менен баарлашуу керек. Менин оюм боюнча, максат коюу — абдан манилүү. Ал максат абдан эбегейсиз, чоң болсо да аны аткара албайм деп коркпош керек. Бир дагы идея кынтыксыз, ишке ашырууга дароо эле даяр болуп келбейт. Анын үстүнө эмгек менен гана белгилүү бир такталган максатка жетесиң. Ошондон улам идея пайда болору менен аны кантип ишке ашыруу тууралуу кооптонуп, коркпош керек. Эң маанилүү деп эсептегениңизди четинен аткара баштасаңыз, калганы акырындык менен өзү эле келет.

Макаланы Жаш ишкерлер ассоциациясынын (JIA) координатору Руслан Акматбек даярдады

Жаңылыктар түрмөгү
0