Кыргызстанда баңгизатка каршы күрөшүүгө багытталган акция башталды

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүРабота экспертного центра Управления на транспорте МВД по ЦФО
Работа экспертного центра Управления на транспорте МВД по ЦФО - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акциянын башкы максаты баңгизатын медициналык эмес максатта колдонууну алдын алуу.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Өлкөдө баңгизатка каршы күрөшүүгө багытталган "Баарынан мурда уккула" аттуу акция башталды. Бул тууралуу БУУнун Кыргызстандагы баңгизатка каршы күрөш башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акциянын башкы максаты баңгизатты медициналык эмес максатта колдонууну алдын алуу.

"Ата-энелер балдарына көңүл буруп, сезимдерине ортоктош болуу менен алардын жүрүм-турумуна таасир эте алат. Ушундай сыяктуу жолдор менен баңгизатын колдонууга бөгөт коюшубуз керек", — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 1987-жылдын 7-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясы атайын резолюция кабыл алган. Анда ар жылы 26-июнду баңгизаттарды кыянаттык менен пайдаланууга жана аларды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү катары белгилөө токтом кылынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0