Студенттер жайкы каникулда кайсы жактарда иштей алышат? Инфографика

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүЧемпионат профессионального мастерства по стандартам WorldSkills Russia в Краснодаре
Чемпионат профессионального мастерства по стандартам WorldSkills Russia в Краснодаре - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуу жылы аяктап студенттер жайкы эс алууга чыга баштады. Бул мезгил аралыгында ата-энесине жардам берип, өз жүгүн өзү тарткысы келген студенттердин айрымдары убактылуу иш издей башташат. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги сентябрь айына чейин кайдан, кантип акча тапса болоорун иликтеп көрдү.

Иш берүүчүлөрдүн маалыматына ылайык, учурда Бишкек шаарында жеңил өнөр-жай ишканалары жаш жумушчу күчкө муктаж. Мындан тышкары, туристтик сезондун ачылышы менен жайкы эс алуу жайларында жумуш орундары пайда болду. Мунун аркасында жаштар борбор калаадагы кафе, ресторандан тарта Ысык-Көлдөгү пансионаттарда официант, бармен, гид болуп акча таба алышат.

Жумуш берүүчүлөрдүн арасында кызматкерлерди турак-жай, тамак-аш менен камсыздагандары да бар. Ошондой эле айрым иш берүүчүлөр чет тил билген студенттерге артыкчылык берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0