Мамдума төрагасынын сапарынан улам Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат

© Sputnik / Табылды КадырбековЖолду жаап жаткан милиция кызматкерлери. Архив
Жолду жаап жаткан милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолдорду жабуу учурунда унаалар 15-20 мүнөткө кармалат

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Россия Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володиндин келишине байланыштуу Бишкектин айрым көчөлөрү жабыларын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн Россиянын Мамдумасынын төрагасы Вячеслав Володин расмий иш сапары менен Кыргызстанга келди. Буга байланыштуу Манас проспектисинен "Ала-Арча" резиденциясына чейин жана Чүй проспектисинин Ак үйгө чейинки бөлүгү жабылмакчы.

"Жолду жабуунун так убактысы азырынча белгилүү боло элек. Жолдорду жабуу учурунда унаалар 15-20 мүнөткө кармалат. Мындан улам айдоочулардан каттамды алдын ала пландап алууну өтүнөбүз", — деп билдирди ИИМдин маалымат кызматы.

Володиндин Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен жолугушуусу планданган. Алар эки тараптуу мамилелер жана парламенттер аралык кызматташууну өнүктүрүү боюнча сүйлөшүшөт.

Ал эми Sputnik Кыргызстан агенттигине күбөнүн билдиргене караганда учурда Бишкектин негизги жолдорунда унаа тыгыны пайда болуп, каттамтарга тосколдук жаралууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0