Мэрия аба ырайынын өзгөрүшүнөн улам элди сак болууга чакырды

© Sputnik / Табылды КадырбековПоследствия сильного ветра в Бишкеке
Последствия сильного ветра в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга байланыштуу мэрия автоунааларды бак-дарактардын алдына койбоону эскертет.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Борбор калаада бүгүндөн тарта туруксуз аба ырайы күтүлөт. Жамгыр жаап, чагылган чартылдап, шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жете турганын Бишкек мэриясы Кыргызгидрометке таянуу менен билдирди.

Кол чатырчан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шашылыш билдирүү! Жаан жаап, күн салкындайт
Буга байланыштуу мэрия табигый кырсыктардын алдын алуу жана жеке мүлктөрдүн зыянга учуроосунун алдын алып, автоунааларды бак-дарактардын алдына койбоого чакырат.

Ушу тапта "Зеленстрой" ишканасы катуу шамалдын кесепетин жоюу иштерин жүргүзүүдө. Бул боюнча 100 арыз түшүп, 88 дарак кыйылып, 6 жеңил унаа, бир жүк ташыган бус зыян тарткан.

Мындан 8 адам жаракат алып, жалпы 53 дарак кулаган. Ошондой эле электр зымдары да үзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0