Бишкекте табигый кырсыктарды алдын алуу маселеси талкууланат

© Фото / пресс-служба МЧС КРКырсык болгон жердеги ӨКМ кызматкерлери. Архив
Кырсык болгон жердеги ӨКМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарада климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу кооптуу делген табигый процесстерди иликтеп, эсеп-чотко алуу, чукул кырдаалдарды алдын алуу жана ага калкты даярдоо маселелери талкууланат.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Бүгүн борбор калаада калкты жана аймактарды чукул кырдаалдардан сактоо темасына арналган илимий-тажрыйбалык конференция өтөт. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Иш-чарада бул багыттагы алдын ала болжолдоо, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу кооптуу делген табигый процесстерди иликтеп аны эсеп-чотко алуу, чукул кырдаалдарды алдын алуу жана ага калкты даярдоо маселелери талкууланат.

Маалымат кызматынан бул конференция "Кыргызстандын куткаруучулар күнүнө карата" өткөрүлүп жаткандыгын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0