БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. №19 түзөтүү колониясында эркинен ажыратылгандар жарыялаган ачкачылык токтотулгандыгын Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынан билдиришти.
Эске салсак, 27-июндан баштап абактагылар колониянын кызматкерлеринин мамилесине нааразы экенин билдирип, ачкачылык жарыялаган.
"Түзөтүү колониясынын кызматкерлери жана Жаза аткаруу кызматынын борбордук аппаратынын өкүлдөрү тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин абактагылар мурда коюп жаткан талаптары негизсиз экенин мойнуна алды. Ошентип ачкачылык жарыялаган 13 адам тең жазган арызын артка алып, тамактана башташты", — деп айтылат билдирүүдө.
Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан бул абакта өмүр бою эркинен ажыратылгандар жаза өтөйт.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Жол кырсыгына кабылган ырчы Анжелика Кайратованын чоң кызы Айыманын да мойнунун омуртка сөөктөрү сынганы аныкталды. Бул тууралуу ырчы өзү Instagram баракчасына жазды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Ал кыргызстандыктардан кызынын батыраак айыгып кетишин тилеп, дуба кылып коюуну сурап кайрылган.
"Айламды таппай турган кезим. Кызым белим дей берип, моюндун омуртка сөөктөрү сынганын эми көрүп жатабыз. Бир капталы кыймылдабай жатат. Элим, дуба кылалы, Аллахтан жардам, сиздерден жардам сурайм! Ушундай колдоо керекте жалгызсыратпаңыздар, суранам!" — деп кайрылды Кайратова.
Эске салсак, Анжелика Кайратова 23-январдын таңында Ысык-Көл облусунда жол кырсыгына кабылган. Автоунаасында өзү менен кошо үч кызы болгон. Дарыгерлер беш жаштагы кызынын эки бутунун тең кашка жиликтери сынып, ырчынын өзүнүн омурткалары жабыркаганын айткан. Экөөнө тең операция жасалган. Ал эми эки кызынын абалы туруктуу экени кабарланган болчу.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурациясына чакырылган коноктордун баарынын коронавируска тапшырган тести таза чыкты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов билдирди.
Иш-чара санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык уюштурулуп, коноктордун баары коронавирус инфекциясына ПЦР-анализ тапшырышкан.
Садыр Жапаровдун инаугурациясы эртең, 28-январда, саат 11:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өтөт.