Ананьеводогу май куюучу жайындагы жарылуу

Ананьеводогу жарылуу: дагы бир адам көз жумду

168
(жаңыланган 15:31 29.06.2017)
Жаракат алган эки адам жандандыруу бөлүмүндө жатат. Абалдары оор.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Ананьеводогу май куюучу жайындагы жарылуудан жабыркаган дагы бир адам көз жумду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Ысык-Көл облусуна караштуу Ананьево айылында 19-июнда, саат 17.15де май куюучу жайда жарылуу болуп, ата-баланын өмүрүн алган. 

Кырсыктын кесепетинен дагы сегиз адам жаракат алган. Алардын бири 22-июнда ооруканадан көз жумган.

Шаршемби күнү 27-июнда 69 жаштагы киши көз жумду. Жарылуудан улам анын денесинин 65 пайызы күйүп калган.

Бишкек шаардык травмотология жана ортопедия улуттук борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков дагы эки адам жандандыруу бөлүмүндө жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына маалымдады.

"Алар оор абалда. Бейтаптардын 60 пайыз териси күйүп калган. Дарыгерлер алардын жашап кетиши үчүн бардык аракеттерди көрүп жатышат. Дагы үч адам күйүк бөлүмүндө жатат", — деди Жумабеков.

Ал ошондой эле жабыркагандардын арасында өспүрүмдөр жок экенин кошумчалады.

168
Белгилер:
жарылуу, күйүк, Ананьево
Тема:
Ананьеводогу май куюучу жайдагы жарылуу (17)
Тема боюнча
Ананьеводогу жарылуу: бүгүн таңда 62 жаштагы жаран ооруканадан көз жумду
Абдылдаев: Ананьеводогу кырсыктын себептери 15 күндөн кийин жарыяланат
Тоодогу жамгыр. Архивдик сүрөт

Жекшембиге карата аба ырайы

31
Синоптиктер жекшемби күнү Кыргызстанда күн 33 градуска чейин ысый турганын маалымдашты.  Ал эми Чүйдө абанын өзгөрүп турары айтылды.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Жекшемби күнү, 7-июнда, күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй, Талас аймактарында +23...+28, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28...+33, Ысык-Көлдө +19...+24, ал эми Нарын жергесинде +18...+23 градус болот. 

Күндүн табы борборубуз Бишкекте +26...+28, Ошто +30...+32 градус болору айтылды. 

31
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Беш күн катары менен жамгыр жаайт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты
Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районуна караштуу Жазы-Кечүү айылына бүгүн биринчи ирет жолу электр мамычасы орнотулду.

60 жыл электр жарыгы жетпеген айылга электр мамылары коюлууда

89
(жаңыланган 20:59 06.06.2020)
Жазыкечүүлүктөрдүн сентябрдын башында башка кыргызстандыктар сыяктуу эле электр энергиясын кадимкидей пайдаланып калышары айтылды.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районуна караштуу Жазы-Кечүү айылына бүгүн биринчи ирет жолу электр мамычасы орнотулду. Бул тууралуу "Жалал-Абад электр" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

1960-жылы уюштурулган Жазы-Кечүү айылында жергиликтүү жашоочулар электр жарыгы жок жашап келген.

  • Проводка электричества в селе Жазы-Кечуу Базар-Коргонского района
    Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районуна караштуу Жазы-Кечүү айылына бүгүн биринчи ирет жолу электр мамычасы орнотулду.
    © Фото / Зульфия Тургунова
  • Проводка электричества в селе Жазы-Кечуу Базар-Коргонского района
    1960-жылы уюштурулган Жазы-Кечүү айылында жергиликтүү жашоочулар электр жарыгы жок жашап келген.
    © Фото / Зульфия Тургунова
1 / 2
© Фото / Зульфия Тургунова
Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районуна караштуу Жазы-Кечүү айылына бүгүн биринчи ирет жолу электр мамычасы орнотулду.
"Жалал-Абад электр" ишканасы Сузак районунун Кыз-Көл айылы тараптан Жазы-Кечүү айылына 18 чакырым аралыктан аба чубалгыларын тартуу иштерин баштады. 25 миллион сомдук долбоор аталган мекеменин өз каражатынын эсебинен жүргүзүп жатат", —  деп айтылган маалыматта.

Аталган ишканадан электр мамычаларды орнотуу жана башка иштер август айынын соңунда аяктап, 1-сентябрда айылга жарык берилип каларын билдиришти.

Жазы-Кечүү айылы Базар-Коргон районунун борборунан 110 чакырым алыста жайгашкан. Айылда 140 түтүн, тагыраагы, 600дөй адам жашайт. 100 орундуу мектеп жана ФАП бар.

Кышында кар калың жаап, кыш алты айга созулат. Эң алыскы тоолуу аймакта жайгашкан Жазы-Кечүү айылында 1960-жылдардан бери электр жарыгы жок.

89
Белгилер:
электр жарыгы, Базар-Коргон, Кыргызстан
Тема боюнча
Кар жаткан ашууда электриктер үч күн иштеп, бузулган линияны оңдоду. Сүрөт
Казакстандын президентинин маалымат катчысы Берик Курмангали. Архивдик сүрөт

Казакстан президентинин маалымат катчысынан COVID табылды

0
(жаңыланган 23:36 06.06.2020)
Казакстандын президентинин маалымат катчысы Касым-Жомарт Токаевдин ден соолугу таза экендигин, Ак ордо санитардык эрежелерди сактап жаткандыгын айтты.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Казакстандын президентинин маалымат катчысы Берик Курмангали коронавирус менен ооруп калгандыгын Sputnik Казакстан жазды.

"Тилекке каршы, менин коронавирус боюнча тапшырган тестим сактанган чараларга карабастан, менден оору чыккандыгын көрсөттү. Учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө, ооруканада жатам. Абалым канааттандырарлык", — деген Берик Уали.

Казакстан президентинин маалымат катчысы Касым-Жомарт Токаевдин ден соолугу таза экендигин айтты.

"Мамлекет башчы тесттен улам өтүп турат. Ак ордо санитардык эрежелерди сактап, талаптар күчөтүлгөн", — деген Уали.

Ал жалпы казакстандыктарды карантиндин талаптарын сактоого чакырды.

0
Белгилер:
коронавирус, катчылык, маалымат, Касым-Жомарт Токаев, Казакстан
Тема боюнча
Путиндин маалымат катчысы коронавирустан айыгып, үйүнө чыкты