Сүрөткө түшө коём деген киши кармаган балыгын качырып ийди. Видео

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүКарп балыгы. Архив
Карп балыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Роликте эки эркек кишинин бири жээкте олжосун — салмактуу ири балыкты кармап, чөк түшүп сүрөткө түшүп жаткандыгын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 29-июн. — Spitnik. Чехиядагы шаар тургундарынын бири сүрөткө түшөм деп көлдөн кармап алган карп балыгын качырып ийди. Бул туурасында роликти РИА Новости Mashable порталына шилтеме кылып жарыялады.

Роликте эки эркек кишинин бири жээкте олжосун — салмактуу ири балыкты кармап, чөк түшүп сүрөткө түшүп жаткандыгын көрүүгө болот. Алгач жансыз сымал жактан балыкка "жан кирип" сууга "чулп" кирип кеткен. Беркилер кармайм деп аракеттенгени менен балыктын караанын тиктеп, алакан жайып, куру жалак кала беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0