Алия Шагиева кыргызча "сүйлөдү". Буюккан кайык, 32 кулак, тилдеген эне

© Фото / Ажара ШабдановаДочь президента КР Алмазбека Атамбаева Алия Шагиева
Дочь президента КР Алмазбека Атамбаева Алия Шагиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейинки постунда Шагиева кыргыз тили тууралуу пикирин жазып, котормочу издеп жаткандыгын билдирген эле

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Чана тээп жаткан балдардын сүрөтүн керебетимдин жанына тартып койгонумда мен беш жаштарда элем. Ой ошондо апамдан тил укканымчы деп жазылган президенттин кызы Алия Шагиеванын Facebook тармагына жазылган кыргыз тилиндеги тунгуч постунда.

Бул сапар Шагиева чыгармачылык, сүрөттөр туурасында жазган.

"Кээде көгүш, а кез-кезде күңүрт көк мейкиндиктин чексиздигинде калган кайыкмын мен. Мени токой дарактарынан жасаган устанын табити да кызык эле. Аны белгилүү майрамдарга да сейрек чакырышчу. Кайсы бир сырдуу кездемеден ал мага айрым сүйүктүү калемдеримди жан дили менен сактаган чөнтөкчө тигип берген. Ал куралдарды мен ырахаттануу менен пайдаланам. Бирок балалык чакта калыптанып калган шарттуулуктарды кээде баштан чыгарып салуу оорго турат. Бактыга жараша, азыр асман ылдыйда, а жер өйдөдө болорун, сегиз манжа, а кулактан отуз экөө чыгарын билем", — деп жазылган постто.

Беш жашында бөлмөнүн дубалына сүрөт тартып салганын жылуу эскерет.

Алия Шагиева жолдошу жана баласы менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шагиева: кыргыз тилин билбегеним — тарбиямдын жоктугунан эмес
"Чана тээп жаткан балдардын сүрөтүн керебетимдин жанына тартып койгонумда мен беш жаш чамасында элем. Ой анда апамдан тил укканымчы. Дал ошол күнү эле: "Чоңоем да, эмне болсо баарын тартып салам!" деп өзүмчө катуу чечим кабыл алдым. Мына эми, акыркы бир канча күндөн бери ошол балалык кыялымды ишке ашыруунун үстүндөмүн. Кандай гана ырахатты сезип жатканымды сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес", — деп эстеген ал кезди сүрөтчү кыз.

Айтмакчы, ал сүрөт боюнча мастер-класс өтөрүн жазыптыр.

"Бул борбордо йога боюнча сабактар болот, төрөткө даярдануу, психологдун кеңеши сыяктуу кызматтар көрсөтүлөт. Баса, ушул эле борбордо мен сүрөттөр боюнча мастер-класс өтүп тура алам. Ошондой эле вегетарианчылык жөнүндө да жолугушууларды уюштуруп, өзүмдүн байкоолорум жана тажрыйбаларым менен бөлүшө алам. Кыялдар орундалат! Башкысы – аларды туура калыпка салуу кажет", — деп аяктаган Шагиева ойлорун.

Бул сапар аны посттору кыргызча, англисче жана орусча жайгаштырылган.

Алияны кыргыз тилине Нурболот Азаматов "сүйлөткөнү" жазылып турат. Айтмакчы, Шагиева комментарийлердин арасында экинчи котормону да салып койгон.

Буга чейинки постунда Шагиева кыргыз тили тууралуу пикирин жазып, котормочу издеп жаткандыгын билдирген эле.

Президенттин кызы Алия Шагиеванын тууралуу 6 фактыны Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0