Кыргызстандын тунгуч өкмөт башчысынын кызы Лариса Исакеева дүйнө салды

Жазылуу
Кезегинде "эл душманы" аталган кишинин кызы атасынан ажырагандан кийин балдар үйүндө тарбияланган.

БИШКЕК, 30-июн.— Sputnik. Мамлекеттик ишмер, кыргыздын репрессияланган интеллигенциясынын көч башында турган Баялы Исакеевдин кызы Лариса Исакеева 83 жашында дүйнө салды. Бул туурасында жакындары кабарлашты. 

© Фото / Ашыркул ОморовМамлекеттик ишмер, кыргыздын репрессияланган интеллигенциясынын көч башында турган Баялы Исакеевдин кызы Лариса Исакеева
Дочь председателя Совета народных комиссаров Кыргызстана Баялы Лариса Исакеева - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик ишмер, кыргыздын репрессияланган интеллигенциясынын көч башында турган Баялы Исакеевдин кызы Лариса Исакеева

Кезегинде "эл душманы" аталган кишинин кызы атасынан ажырагандан кийин балдар үйүндө тарбияланган.

Чон-Таш айылындагы Ата-Бейит мемориалдык комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Ата-Бейит": жарым кылым ың-жыңсыз жаткан кайрандар. Чүкөдөй кемпир ачкан чындык
Исакеева 17 жыл Кыргызстандагы Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектептин директору болуп эмгектенди. Тагыраагы, 1969-жылдан тарта аталган музыкалык окуу жайдын ишин жөнгө салып, Кыргызстандын музыка өнөрүнө бир топ таланттарды берген мектепке күчүн, эмгегин жумшаган.

41 жашында "эл душманы" болуп аталып, атылган атасын (Баялы Исакеев – ред.) оозунан түшүрбөй, ал тууралуу ар кыл маалыматтарды топтоп жүрүп, армандаган тейде өтүп кетти.

Анын атасы туурасында төмөнкүдөй эскерген учуру бар.

"Атам мен үч жашка чыкканымда камакка алыныптыр. Ал күн 1937-жылдын 10-сентябры экен. Өгөй энем Надежда Щеглованын туулган күнүн белгилейбиз деп дасторкон жайып алып, күтүп отурганбыз. Ал кезде атам Кыргызстандын Эл комиссарлар комитетинин төрагасы, азыркыча айтканда премьер-министр болуптур. Ал күнү атам келбей калат. Ал эми бир нече күндөн кийин анын камалганы кабарланып, энем Надежда Дмитриевнаны да темир тордун артына отуругузушат", — деп эскергени бар.

Жакындары Исакеева өмүрүнүн акыркы күндөрү ооруп калгандыгын, кечээ, 29-июнда түбөлүк жайга узагандыгын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0