Окумуштуулар микроб аялдардын кулк-мүнөзүнө кандай таасир берерин аныктады

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүЛаборатория. Архив
Лаборатория. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калифорния университетинин окумуштуусу Кирстен Тиллиш аялдардын эмоционалдык реакциясын текшерүү үчүн 40 адамдын мээсине байкоо жүргүзгөн

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Жүргүзүлгөн изилдөөнүн натыйжасында аялдардын ичегисиндеги микробдор аларды депрессияга кабылтып, эмоционалдуу болуусун шарттай турганы аныкталган. Бул тууралуу Psychosomatic Medicine: Journal of Biobehavioral Medicine журналынын отчетунда жарыяланды.

Соңку жылдардагы байкоолор микрофлора адамдын организминдеги зат алмашуу процесстерине эле эмес, рактын өрчүшүнө жана башка ооруларга, ошону менен бирге жүрүм-турумга да таасир берерин көрсөткөн.

Бонда бар аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аялдардын жыныстык жашоосу жана болочок балдар. Кыргызстандыктар ишенген 5 имиш
Калифорния (Лос-Анджелес) университетинин окумуштуусу Кирстен Тиллиш аялдардын эмоционалдык реакциясын текшерүү үчүн тесттен өтүүгө макул болгон 40 ыктыярчынын мээсине байкоо жүргүзүп, аялдардын жүрүм-туруму менен микрофлорасынын байланышын аныктаган. Тесттин алдында Тиллиш аялдардын анализин жана микрофлорасынын үлгүлөрүн алган.

Анда микрофлорасында көп сандагы Bacteroides түрүндөгү микробу барлар анча эмоционлдуу эмес, кызуу кандуулукка жана депрессияга көп моюн сунбай турганы аныкталган. Ал эми организминде Prevotella тукумундагы микроорганизмдер көп катталган аялдар тескерисинче эмоционалдуу, алсыз жана көбүнчө маанайы чөгүңкү абалда жүрөрү менен айырмаланган.

Изилдөөнүн жыйынтыгында Тиллиш микрофлоралар чынында адамдын жүрүм-турумуна, ишке жөндөмдүүлүгүнө жада калса анын мээсинин түзүлүшү менен байланышы бар экенин белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0