Адамды ажал оозунан сууруп алган кыргызстандык 10 дарыгер

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүОперация на позвоночнике
Операция на позвоночнике - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул адамдар күн сайын бейтаптардын жана алардын жакындарынан көз жашына күбө болуп келет. Бирөөлөрү жан чыдатпаган оорудан, ал эми бир катарлары кубанганынан ыйлайт.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Төмөндө биз сөз кыла турган кишилер күн менен түндү билишпейт. Качан гана болбосун оору кыйнап турганда, адамды ажалдан арачалап калганга даяр турушат.

Бүгүн, 2-июлда Кыргызстанда медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленип жатат. Sputnik Кыргызстан өлкөнүн алтын колдуу он дарыгерин тизмектеп чыкты. 

© Sputnik / Александр ФедоровКөрүнүктүү хирург жана академик Иса Ахунбаев
Кыргызский скульптор-монументалист Тургунбай Садыков - Sputnik Кыргызстан
Көрүнүктүү хирург жана академик Иса Ахунбаев

Иса Ахунбаев – көрүнүктүү хирург жана академик. Бул дарыгерди Кыргызстандагы көкүрөк хирургиясынын негиздөөчүсү деп атоого болот. 1959-жылы Иса Коноевич Борбордук Азияда биринчи жолу жүрөккө ачык операция жасаган. Анын тажрыйбасынын аркасы менен бүгүн Кыргызстанда жыл сайын 900-1000 адамдын жүрөгү хирургиялык жол менен дарыланып келет. Алардын ичинде жаңы төрөлгөн ымыркайлар да ондоп саналат. 

© Фото / Александр ФедоровАтактуу хирург, профессор жана Кыргызстандын баатыры Эрнст Акрамов
Выдающийся хирург, герой Кыргызстана Эрнст Акрамов - Sputnik Кыргызстан
Атактуу хирург, профессор жана Кыргызстандын баатыры Эрнст Акрамов

Эрнст Акрамов – атактуу хирург, профессор жана Кыргызстандын баатыры, өзүнүн катаал мүнөзү менен белгилүү. Акрамов Чүй облустук оорукананын хирургиялык бөлүмүн жетектейт. Узак жылдык эмгек жолунда миңдеген адамдын өмүрүн сактап, азыр да ал жолунан кайтпай келет. Быйыл дарыгер 80 жашта. 

© Sputnik / Табылды КадырбековТаланттуу хирург, профессор Мамбет Мамакеев
Хирург и общественный деятель Мамбет Мамакеев  - Sputnik Кыргызстан
Таланттуу хирург, профессор Мамбет Мамакеев

Мамбет Мамакеев – таланттуу хирург, профессор, КММАнын госпиталдык хирургия кафедрасынын башчысы. Мамбет Мамакеевич Кыргызстанда токтоосуз хирургиянын өнүгүшүнө жол салган. Дарыгер өзүнүн 85 жаш курагына карабай бүгүн да ишин улантып, анын жыл сайын жасаган операциялары 250гө жетет. Ал дүйнөдө эмгек жолун улантып жаткан эң кары хирургдардын бири болуп саналат. 

CC BY-SA 4.0 / Temikeev / Борбордук Азиядагы туңгуч аял хирург жана биринчи аял академик Какиш Рыскулова
Первая женщина-хирург в Центральной Азии Какиш Рыскулова - Sputnik Кыргызстан
Борбордук Азиядагы туңгуч аял хирург жана биринчи аял академик Какиш Рыскулова

Какиш Рыскулова – Борбордук Азиядагы туңгуч аял хирург жана биринчи аял академик. Ал көп сандаган илимий иштердин жана окуу куралдарынын автору. Какиш Рыскуловна жаратты тигүүнүн жаңы ыкмалары боюнча кенен изилдөөлөрдү жүргүзүп, нервдин жана кан тамырлардын хирургиясын иликтеген. Анын эмгектерин азыр да дарыгерлердин улам кийинки мууну кенен колдонуп келет. 

© Фото / Архивный фонд Мирсаида МиррахимоваМедицина илимдеринин доктору, профессор, терапевт Мирсаид Миррахимов
Доктор медицинских наук, профессор, врач-терапевт Мирсаид Миррахимов - Sputnik Кыргызстан
Медицина илимдеринин доктору, профессор, терапевт Мирсаид Миррахимов

Мирсаид Миррахимов – медицина илимдеринин доктору, профессор, терапевт. Анан жетекчилиги астында Улуттук кардиология жана терапия борбору ачылган. Миррахимов Кыргызстанда кардиологияны жакшыртууга зор салым кошкон. Ал бийик тоолуу климат ден соолукка пайдалуу экенин биринчи болуп айтып чыгып, дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурган. 

Хаким Бебезов – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери. Кыргыз-Славян Университетинин госпиталдык хирургия кафедрасынын жетекчиси. 300дөн ашык илимий эмгек жазып, беш ойлоп табууну патенттеген. 20 миңден ашуун операцияга кирген. 

© Sputnik / Нургуль МаксутоваАкадемик, профессор, мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Сабырбек Жумабеков
кыргызстанский врач-ортопед, академик Сабырбек Джумабеков - Sputnik Кыргызстан
Академик, профессор, мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Сабырбек Жумабеков

Сабырбек Жумабеков – академик, профессор, мурдагы Саламаттыкты сактоо министри. Бишкек шаарында жайгашкан Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборун жетектейт. Эл аралык илимий форум, конференцияларга активдүү катышып, ал жактарда өзүнүн илимий эмгектерин башкаларга көрсөтүп келет. Борбор Азия жана Казакстанда биринчилерден болуп жүлүн оорусу боюнча микрохирургиялык дарылоону ишке ашырган.

© Sputnik / Табылды КадырбековПрофессор, Балдардын клиникалык тез жардам ооруканасынын башкы дарыгери Талантбек Өмүрбеков
Детский хирург, профессор Талант Омурбеков - Sputnik Кыргызстан
Профессор, Балдардын клиникалык тез жардам ооруканасынын башкы дарыгери Талантбек Өмүрбеков

Талантбек Өмүрбеков – профессор, Балдардын клиникалык тез жардам ооруканасынын башкы дарыгери. Анын ишине берилип, күйүп-бышкандагы жана улам жаңыланган операция ыкмалары кыргызстандык көп бөбөктөрдү сактап калууда.

© Sputnik / Табылды КадырбековПрофессор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери Накен Касиев
Накен Касиев  - Sputnik Кыргызстан
Профессор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери Накен Касиев

Накен Касиев – профессор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери. Учурда Кыргыз-Славян Университетинин ден соолук жана коомдун саламаттыгын сактоо кафедрасын жетектейт. Ал дарыгерлиги менен коомдук-саясий ишмердүүлүгүн бир алып кеткен инсандардан.

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери Азамат Алымбаев
Главный врач родильного дома №2 Азамат Алымбаев - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери Азамат Алымбаев

Азамат Алымбаев – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери. Учурда Бишкек шаардык №2 төрөт үйүндө жетекчи. Ал 40 жылдан бери энелер менен ымыркайлардын саламаттыгын сактоо үчүн кызмат кылып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0