Түптөгү үй-бүлө жалгыз уулунан кийин бир күндө үч кыздуу болушту

© Фото / Эдиль МелисбековТүптүн Сары-Тологой айылынын тургуну Тураргүл Осмонова үч эм балдарды жарык дүйнөгө алып келди
Түптүн Сары-Тологой айылынын тургуну Тураргүл Осмонова үч эм балдарды жарык дүйнөгө алып келди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ымыркайлар 28-июнь күнү операция жолу менен төрөлгөн

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Түптүн Сары-Тологой айылынын тургуну Тураргүл Осмонова үч эм балдарды жарык дүйнөгө алып келди. Бул туурасында Ысык-Көл облустук төрөт үйүнүн башкы дарыгери Назгүл Карабаева Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

© Фото / Эдиль МелисбековТүптүн Сары-Тологой айылынын тургуну Тураргүл Осмонова үч эм балдарды жарык дүйнөгө алып келди
Түптүн Сары-Тологой айылынын тургуну Тураргүл Осмонова үч эм балдарды жарык дүйнөгө алып келди - Sputnik Кыргызстан
1/2
Түптүн Сары-Тологой айылынын тургуну Тураргүл Осмонова үч эм балдарды жарык дүйнөгө алып келди
© Фото / Эдиль МелисбековЫмыркайлар 28-июнь күнү операция жолу менен төрөлгөн.
Ымыркайлар 28-июнь күнү операция жолу менен төрөлгөн. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Ымыркайлар 28-июнь күнү операция жолу менен төрөлгөн.
1/2
Түптүн Сары-Тологой айылынын тургуну Тураргүл Осмонова үч эм балдарды жарык дүйнөгө алып келди
2/2
Ымыркайлар 28-июнь күнү операция жолу менен төрөлгөн.

Анын айтымында, ымыркайлар 28-июнь күнү операция жолу менен төрөлгөн.

"Бөбөктөрдүн бардыгы кыздар. Биринчисинин салмагы 1144 грамм болсо, экинчисиники — 904, үчүнчүсүнүкү —980 грамм болду. Жаңы төрөлгөндө ымыркайлардын абалы оор болгондуктан жасалма дем алдыруучу СИПАП аппаратына жаткырылган. Азыр экөө ал аппараттан чыгарылып өз алдынча дем алууга жарап калды. Эненин абалы да канааттандырарлык. Ымыркайлар алсыз болгондуктан энесин саап сүтүн берип жатабыз", — деди дарыгер.

Айбек Шакеев менен Тураргүл Осмонованын төрт жаштагы жалгыз уулу бар. Үч эмге азырынча ысым бериле элек.

Кыргызстанда төрөлгөн үч эмдерге кандай жардам берилерин Sputnik Кыргызстан инфографикасынан караңыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0