Жакында КР жарандары Казакстанда бекер дарылана алышат

© Sputnik / Николай Хижняк / Медиабанкка өтүүСтраны мира. Казахстан
Страны мира. Казахстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чет элдик жарандар Казакстандын жарандарындай эле бекер медициналык жардамдан пайдалана алышат

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев чет элдик жарандар анын ичинде кыргызстандыктар дагы өлкө аймагында бекер дарылана ала турган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан маалымат агенттиги жазды.

Мыйзамга ылайык, 2018-жылдын 1-январынан тарта Казакстандын Социалдык медициналык камсыздандыруу фонду бирдиктүү кызмат көрсөтүп баштайт. Башкача айтканда чет элдиктер жана жарандыгы жок кишилер казакстандыктардай эле бекер медициналык жардам алууга укуктуу болот.

Первый прямой авиарейс из Ташкента на Иссык-Куль - Sputnik Кыргызстан
Акыркы он жылдан бери биринчи жолу Ташкент — Ысык-Көл аба каттамы ишке ашты
Казакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов бекер медициналык жардам ала тургандардын тизмеси жумушсуздардын, 18 жашка чейинки майып балдарын баккандардын, кайрылмандардын, чет элдиктердин жана жарандыгы жоктордун эсебинен көбөйө турганын билдирген.

Өлкөдөгү жумуш берүүчүлөр акча төлөп баштагандан тарта (ар бир жумушчунун кирешесинин бир пайызын) Казакстандагы медициналык камсыздандыруу системасы быйыл 1-июлдан тарта иштеп баштаган. Кийинки жылдын 1-январынан тарта мамлекет калктын айрым катмары үчүн атайын акча төлөп берет. Бул тизмеге балдар, пенсионерлер, майыптар, студенттер, аскер адамдары жана башкалар кирет.

Медициналык камсыздандыруу системасына катышуу милдеттүү болуп саналат. Фондго акча төлөөдөн баш тарткандарга кепилденген гана медициналык жардам берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0