Мээ кайнаткан аптап: дем алыш күндөрү 42 градуска чейин ысыйт

Жазылуу
Акыркы жолу мындай ысык Кыргызстанда 1983-жылы катталган. Анда күндүн ысыгы 43 градуска жеткен.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Кыргызстанда келе жаткан дем алыш күндөрү мээ кайнаткан ысык аба ырайы күтүп жаткандыгын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Кыргызгидрометтен билдиришти.

Күн өзгөчө 7-9-июль күндөрү ысык жана жаан-чачынсыз болот.

"Күндүз термометрдин көрсөткүчү 37…42 градуска жетет. Тоолуу райондордо 37, көл өрөөнүндө 35 градус ысыйт. Аптаптуу аба ырайы 10-июль күнү мизин кайтарып, 11-12-июль күндөрү ала булут каптап, жаан жаашы күтүлүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.

Акыркы жолу мындай ысык Кыргызстанда 1983-жылы катталган. Анда күндүн ысыгы 43 градуска жеткен. Ал эми 2013-жылы Жалал-Абад облусунда жети күн бою күндүн ысыгы 42 градустан түшпөй койгон.

Ысыктан сактануунун жолдорун Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0