Федералдык жыйындын төрайымы Валентина Матвиенконун архивдик сүрөтү

Матвиенко: Ысык-Көлдөгү балдардын форуму КМШ жаштарынын достугун чыңдайт

125
(жаңыланган 14:54 04.07.2017)
Ысык-Көлдүн жээгинде КМШга мүчө мамлекеттердин балдары катышкан салтка айланган форум өтүп жатат.

ЫСЫК-КӨЛ, 4-июл. — Sputnik. Жыл сайын Ысык-Көлдө өтүп келген форум КМШдагы балдардын достугун сактоого өбөлгө болорун федералдык жыйындын төрайымы Валентина Матвиенко ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен болгон жолугушуу учурунда билдирди.

Матвиенко Россия парламентинин жогорку палатасынын спикери гана эмес КМШ парламенттер аралык ассамблеясынын төрайымы болуп саналат. Ал Кыргызстанга дүйшөмбү күнү келген жана "Шериктештик балдары" маданий-билим берүү форумунун алкагында уюштурула турган бир катар иш чараларга катышат.

Турсунбеков форумдун мааниси абдан чоң экенин белгилеп, өсүп келе жаткан муунга колдоо жана камкордук керек деп билдирди.

"Балдар биздин башкы байлыгыбыз. Форумду өткөрүү салтка айланып жатышына абдан кубанычтамын. Мунун бардыгы сиздин жана парламенттер аралык ассамблеянын колдоосу менен ишке ашууда. Ошондой эле сиздин келишиңиз Кыргызстан менен Россиянын стратегиялык өнөктөштүгүн арттырууга жаңы дем берет", — деди Турсунбеков.

Матвиенко форум бешинчи жолу көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде өтүп жатканын айтты.

"Бул маанилүү окуя. Балдар достошуп, жалпы маданиятты, салтты түшүнүшү керек. Анткени алар келечекте мамлекет башкаруучулардан болот", — деди ал.

Матвиенко ошондой эле иш-чараны колдоого бардык күчүн жумшай турганын айтты.

125
Белгилер:
форум, балдар, Чыныбай Турсунбеков, Валентина Матвиенко, КМШ
Тема:
Валентина Матвиенконун Кыргызстанга болгон сапары (5)
Тема боюнча
Матвиенко менен Турсунбеков Ысык-Көлдүн жээгинде бийге түштү
Алмазбек Атамбаев Валентина Матвиенкону кабыл алды
Жоомарт Оторбаев менен Валентина Матвиенко жолугушту