Быйыл жалал-абаддык дыйкандар 50 миң тоннага жакын буудай жыйнайт

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүУборка пшеницы в Калининградской области
Уборка пшеницы в Калининградской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгин талаасынын ар бир гектарынан болжолдуу түрдө 3,8 тоннадан түшүм алынууда

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Жалал-Абадда кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери башталды. Бул туурасында облус жетекчилигинин аппаратынын адиси Абдукарим Мирахимов аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, азыркы тапта Ноокен жана Базар-Коргон райондорунда 1000 гектар буудай орулуп бүткөн.

"Облус боюнча быйыл 17,6 миң гектар жерге буудай эгилген. Ар бир гектарынан болжолдуу түрдө 3,8 тоннадан түшүм алып жатабыз. Жыл этегине чейин 50 миң тонна буудай жыйноо каралган. Быйыл өткөн жылга салыштырмалуу 800 гектарга аз эгилгенине карабай түшүмдүүлүгү жакшы болууда. Оруп-жыйноо иштерине 104 комбайн бөлүнгөн", — деди Мирахимов.

Ал ошондой эле мамлекеттик материалдык резервдер фонду облус дыйкандарынан 1080 тонна буудай сатып аларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0