Ажылык сапарга барчуларга 11 "болбойт"

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүПаломники в Мекке
Паломники в Мекке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мусулмандардын беш парзынын бири — ажылык сапарга баруу. Эгер адамдын ден соолугу, шарты жол берсе ыйык милдетти сөзсүз аткаруу абзел экендиги Куранда жазылган. Бул жылы ажылык сапарга Кыргызстандан 4585 адам бармай болду.

Жакшы тилек менен ажылык сапарга аттанып жаткандар ыйык Мекке жана Медина шаарларына барганда эмнелерди кылганга болбой турганын алдын ала билип алгандары оң. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазы уулунун жардамы менен зыяратчыларга тыюу салынган нерселерди санап чыкты.

Паломники во время хаджа в Саудовской Аравии - Sputnik Кыргызстан
Ошто ажыга барчулар атайын окуудан өтө башташты
Каалаган кийимин кийбейт. Зыярат башталгандан кийин эл ихрам кийимин, башкача айтканда, атайын чүпүрөк жамынышат. Ихрам кийимин кийүү ажылык учурунда милдеттүү жасала турган нерсе. Аны менен катар Арафат тоосуна чыгуу жана Кааба ташын айлануу да зыяратчылар үчүн парз болуп эсептелет. Ошондой эле ихрам кийимин ажылык сапардын аягында чачын алган амалдан кийин гана чечүүгө уруксат берилген.

Аңчылыкка тыюу салынат. Зыярат кылганы барган адамдарга жан-жаныбарларды өлтүрүүгө, аңчылык кылууга болбойт.

Спирт ичимдигин ичкенге болбойт. Ажылык сапарга барарда адам жан дүйнөсүн гана эмес, организмин да тазалап спирт ичимдигинен баш тартканы оң. Ошондой эле парздан кутулуп келген ажылар кайтып келгенден кийин жаман жолдон оолак болуп, насвай, чылым чегүү өңдүү адаттарын таштап койгону дурус.

Жаман сөздөрдү айтып, сөгүнгөнгө болбойт. Ыйык жерге баргандан кийин сөгүнмөк тургай үндү катуу чыгарып сүйлөө да уят.

Талашып- тартышып, урушканга болбойт. Көпчүлүк болгон жерде бирөө бутуңду тебелеп же түртүп кетиши мүмкүн. Ошондой учурларда ачууга алдырбай, сабырдуу болууга аракет кылуу керек.

Презентация формы одежды для паломников Кыргызстана на хадж 2017 года - Sputnik Кыргызстан
Меккеге сапар алчу зыяратчылардын кийимин тиге тургандар аныкталды
Шаарды жалгыз аралап кетпейт. Ажылык иштерин уюштурууда ар бир 50 адамга ажы башчы дайындалат. Ал киши бардык адамдар үчүн жооптуу болуп, зыяратчыларды программа менен барчу жерлерге алып барат. Миллиондогон адам барган Меккеде кокустан жоголуп кетсең кыйынчылык жаралып калышы ыктымал. Анын үстүнө тил билгени-билбегени болгондуктан сөзсүз ажы башчынын сөзүн угуу керек.

Жаш балдарга барганга болбойт. Эркек бала да, кыз бала да паспорт алгандан кийин гана ыйык милдетти аткаруусуна жол ачылат.

Аял киши жалгыз барбайт. Аялдарды жандап барган эркек адам сөзсүз болушу керек. Ал күйөөсү, атасы же инисиби, айтор, аялдын жакын адамы болууга тийиш.

Жубайлар чогуу барса кошулууга болбойт. Аял-күйөөсү ажылыкка бирге барса жыныстык катнашта болууга жол берилбейт. Себеби ислам дининде бул күнөө катары эсептелет.

Эмдөө. Сауд Аравия зыяратчыларга өз өлкөсүнөн сөзсүз менингит жана сасык тумоого каршы эмделип келүүнү буюрат. Эгер ажыга бара жаткан адамдын документинин арасында "эмделди" деген кагазы жок болсо ажылык сапардан жол жабылат.

Оорулуу адамдар баралбайт. Эгер адам ооруп жатса же илдети коркунучтуу болсо ажылык милдетин аткара албай калышы ыктымал. Анткени ден соолугу начар адам өзүн кыйнап зыярат кылбашы керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0