Ананьеводогу жарылуу: жабыркагандардын экөө оор абалда

© Sputnik / Табылды КадырбековДеятельность Республиканского ожогового центра Бишкека
Деятельность Республиканского ожогового центра Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беш бейтап учурда Бишкектеги Күйүк борборунда дарыланууда

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Ананьево айылындагы жарылуудан жабыркагандардын экөө оор абалда жатат. Бул тууралуу Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башчысынын орун басары Бакыт Исаков билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда Ысык-Көл районундагы жарылуудан жаракат алган беш адам Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун дарыгерлеринин көзөмөлүндө.

Исаковдун айтымында, эки бейтаптын абалы оор.

"Бизге денеси күйгөн бейтаптарды Ысык-Көлдөн которушкан. Азыр экөөнүн абалы оор болуп жатат. Калган үчөөнүкү туруктуу", — деди дарыгер.

Операция на позвоночнике - Sputnik Кыргызстан
Адамды ажал оозунан сууруп алган кыргызстандык 10 дарыгер
Бейтаптар 23-июнда Ысык-Көл райондук ооруканасынан Бишкектеги Күйүк борборуна алып келинген.

Аталган ооруканада 27-июнда жабыркагандардын бирөө көз жумган. Анын денесинин 65 пайызы күйгөн.

Эске сала кетсек, 19-июнда болжол менен саат 17.22лерде Ананьево айылынын Совет көчөсүндө май куюучу жайдын жанынан газ баллондор жарылган. Анын кесепетинен 52 жаштагы эркек киши жана анын 10 жаштагы баласы каза таап, 8 адам ооруканага жеткирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0