Кыргызстанда сегиз миллионунчу жаран качан тууларын БУУ иликтеп чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын желеги. Архив
Кыргыз Республикасынын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул тапта жер шарында 7,6 миллиард адам жашаса, бул сан 2030-жылы — 8,6 миллиардга жетери иликтенди. Ал эми 2050-жылы — 9,8 миллиард, 2100-жылы дүйнөдө — 11,2 миллиард киши жашайт.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. БУУнун Экономикалык жана социалдык департаментинин элди жайгаштыруу бөлүмү жер жүзүндөгү демографиялык динамикага арналган докладын жарыялады.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Борбордук Азия жана Кыргызстанда 70-80 жылдан кийин элдин саны канча болоруна кызыгып көрдү.

Изилдөөчүлөр 2050-жылы Кыргызстандын элинин саны 11,6 млн. адамга жетерин болжолдоп жатат
БУУнун маалыматына караганда, 2050-жылы республика боюнча элдин саны 8 миллион 113 миң, ал эми Борбор Азияда (Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан) 94 миллион 474 миң адам жашай турганы божомолдонду.

Докладда жети миллионунчу кыргызстандыктын 2030-жылдан кийин төрөлөрү жазылган.

Мурдараак КРнын Улуттук статистика комитети кыргызстандыкдардын саны 2017-жылдын март айында 6 миллион 140,2 болгонун кабарлаган.

Ушул тапта жер шарында — 7,6 миллиард адам жашаса, бул сан 2030-жылы 8,6 миллиардга жетери илкитенди. Ал эми 2050-жылы — 9,8 миллиард, 2100-жылы дүйнөдө — 11,2 миллиард киши жашайт.

Эң көп жараны бар өлкөлөрдүн сап башында мурдагыдай эле Кытай (1,4 миллиард) менен Индия (1,3 миллиард) турат. Бирок 2024-жылы Индия Кытайдан ашып кетээри күтүлүүдө.

Ошондой эле жакынкы 33 жылдын ичинде Индия, Нигерия, Конго, Пакистан, Эфиопия, Танзания, АКШ, Уганда жана Индонезияда өсүш өзгөчө болору кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0