Жилик микрофонго, боз үй сахнага айланганда. Тоодогу Бейонсе "жеңеша" видео тууралуу

© Sputnik / Жоомарт УраимовСнимок с социальной сети Instagram пользователя sandrabrave_
Снимок с социальной сети Instagram пользователя sandrabrave_ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармакка жүктөлгөн өзгөчө видео кыска мөөнөттө популярдуу болду

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Instagram колдонуучусу Сайкал Жумалиева күлкүлүү видеосу менен интернетти багынтууда.

Жайлоодо тартылган видеодо жаш келиндин өзгөчө бийин көрүүгө болот. Анда таланттуу келин шыпыргы, бир жилик эт жана терини пайдаланып белгилүү ырчы Бейонсени туураган.

Видеонун автору Сайкал Жумалиева учурда Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин 3-курсунда окуйт. 5-классынан тарта бий менен машыгып, жеткинчектерге хип-жоп бийин үйрөтүп келет.

"Видео күтүүсүз жерден эле тартылып кетти. Жайлоодо болчубуз, эс алуум эсте калсын үчүн видеого тартып коюуну чечтим. Апамдын халатын кийип, жоолугун салынып алгам. Ал эми видеону сиңдим тартса, керектүү буюмдарды алып берип инилерим жардамдашты", — деди Жумалиева.

Видео Ат-Башынын Арпа жайлоосунда тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0