Анна Седокова кыргыз дизайнери тиккен сексуалдуу көйнөк кийип элдин эсин оодарды

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүVI церемония вручения Русской Музыкальной Премии телеканала RU. TV
VI церемония вручения Русской Музыкальной Премии телеканала RU. TV - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармактардын колдонуучулары дагы Анна Седакованын кыргызстандык дизайнер тиккен көйнөгүн абдан жактырышты.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Ырчы Анна Седокова өзүнүн шоусунда күйөрмандарын кыргызстандык дизайнер Наиль Байкүчүков тиккен көйнөктү кийип чыгып суктандырды.

 

Публикация от ANNA SEDOKOVA (@annasedokova) Июн 23 2017 в 1:48 PDT

 

Украиналык ырчынын концерти Түркиянын Белек шаарында июнь айынын аягында болгон.

Анын социалдык тармактардагы баракчаларына жазылган колдонуучулар ырчынын концерти жана көйнөгүнө карата жылуу сөздөрдү айтышты.

Байкүчүков дагы өзүнүн баракчасында Аннага суктанаарын жазган.

Наиль Байкүчүков — учурда Казакстанда жашап, иштеп жүргөн кыргызстандык дизайнер. Анын өзүнүн бутиктери бар. Ал эми Наилдин эмгектери дүйнө жүзүнүн ар кайсы шаарларында өткөн мода жумалыктарына катышып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0