Facebook тармагындагы жаңы вирустан коргонуу жолдору. Адистен кеңеш

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүСоциальная сеть "Фейсбук"
Социальная сеть Фейсбук - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
IT адис Михаил Дудин аталган вирус өтөт кооптуу деген ойдо

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Facebook тармагында пайда болгон жаңы вирус боюнча IT адис Михаил Дудин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына кененирэк маалымат берди.

Анын айтымында, аталган вирус башкалардан келген белгисиз видео же шилтеме аркылуу тарап жатат.

"Вирус видеого окшоп тарап жатат. Ошол шилтеме басылаары менен атайын сайтка багыт берип, браузердин маалыматтарын алууга үлгүрөт. Анын арты менен колдонуучунун сыр сөзүн жана жеке маалыматтарын билүүгө жол ачылат", — деди Дудин.

Информационные технологии - Sputnik Кыргызстан
Хакерлер компьютерлерди видеороликтин жардамы менен талкалап кирип жатышат
Ал вирус браузерде сакталган сыр сөздөрдү билип аларын айтып, колдон келсе браузердеги ашыкче нерселерди өчүрүү керектигин кошумчалады.

"Вирус бир гана маалыматты албастан, программаны иштен чыгарышы мүмкүн. Андыктан Facebook социалдык тармагындагы жана браузердеги сыр сөздү алмаштырып, кэшти тазалоо керек. Анан компьютердеги антивирусту да карап туруу зарыл", — деди адис.

Ал ар бир компьютерде антивирус сөзсүз коюлушу керек экендигин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0