Жалал-Абадда ажылыкка аттанчуларды окутуу башталды

© AFP / MOHAMMED AL-SHAIKHМусульманские паломники во время Хаджа
Мусульманские паломники во время Хаджа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окутуулар зыярат кылууда кемчиликтерди кетирбөөгө жана сапарды жогорку деңгээлде уюштурууга жардам берет.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Сузактын борбордук мечитинде ажылык сапарга барчуларды жана ажы башчыларды окутуу иштери башталды. Бул тууралуу муфтият билдирди.

Паломники в Мекке - Sputnik Кыргызстан
Ажылык сапарга барчуларга 11 "болбойт"
Аталган окуу семинарында муфтияттын фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов зыяратчыларга ажылык парзды өтөөгө туура ниет кылуу, эрежеси менен кийинүү, курмандык чалуу, чач алуу, Арафат, Мина өрөөндөрүндөгү ажылыктын кыйынчылыктарына сабыр кылуу, ыйык Каабаны айлануу эрежелерин үйрөтүүдө.

Бул иш-аракеттер зыярат кылууда кемчиликтерди кетирбөөгө жана сапарды жогорку деңгээлде уюштурууга жардам бермекчи.

Мындай окуу семинарлары Жалал-Абад облусунун башка райондорунда да уюштурулуп, ажы башчылар да өз алдынча кошумча сабактарды өткөрүп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0