Атактуулардын сүйүү баяндары. Жүрөктү "болк" эттирген байпак, ийгиликтүү капкан

© Фото / Аскат МусабековИзвестный певец Сыймык Бейшекеев
Известный певец Сыймык Бейшекеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адам баласына үй-бүлөдөн артык эч нерсе жок. Сырттан тоонун томкоруп, ойду омкорсок да кечинде бизди сүйгөн, күткөн адамдарыбыз бар үйгө кайтабыз.

Жарын ар тараптан колдоп, ардактап турчу түгөйдү адашпай табуу — тагдырдын белеги болсо керек. Sputnik Кыргызстан коомго белгилүү жигиттерден жубайын кандайча тапканы, өмүрлүк түгөйү болорун кантип аңдаганы тууралуу сурады. Төмөндө жүрөк жылыткан сүйүү баяндары.

Сыймык Бейшекеев, ырчы 

© Фото / Аскат МусабековСыймык Бейшекеев жубайы Нурзада менен
Известный певец Сыймык Бейшекеев - Sputnik Кыргызстан
Сыймык Бейшекеев жубайы Нурзада менен

— Мен ал кызсыз жашай албай калганымды сезгенден кийин үйлөнүүнү чечкем. Негизи экөөбүз тең Токтогулданбыз, бирок, айылдарыбыз эки башка. Бишкекте окуп жүрүп, үйгө каникулга барганда таанышканбыз. Нурзаданы көргөн мүнөттөрдөн баштап, дүйнөм толугу менен өзгөргөн. Кызыгы ал кезде мен 21 гана жашта болчумун. Бирок эрте үйлөнүп алганыма кымындай да өкүнгөн жокмун. Анткени үй-жай, ийгиликтер, жоро-жолдоштордун баарына экөөбүз чогуу жеттик. Азыркы жаштар бутума туруп алып үйлөнөм деп калышпадыбы. Бирок мындай ойго көп кошула бербейм. Анткени эрди-катын бир нерсеге чогуу жетишсе, ал ошончолук баалуу, кадырлуу болот. Бири-бириңе болгон сый күчөйт. Жаш кезинде бар-жокту көргөн аял кийин турмушка бекем, туруктуу болот деп ойлойм. 

Турат Касымбеков, дарыгер

© Фото / stilish.kgТурат Касымбеков үй-бүлөсү менен
Доктор Турат Касымбеков - Sputnik Кыргызстан
Турат Касымбеков үй-бүлөсү менен

— Мен үй-бүлө күтүүгө даяр экенимди балалуу болгум келгенде түшүндүм. Анда кирер акылым кирип, чыгаар акылым чыккан 25 жашта элем. Менимче, 25-26 жаш үй-бүлө курууга эң сонун учур. Бул куракта турмушту таразалап түшүнүп каласың, бирок сенде дагы деле романтиканын издери болот. Ал эми отузга чыгып кетсең, жашоого көз караш өзгөрүп, кичине оорураак болуп калса керек. Келинчегим менен 25 жашымда таанышып, жарым жыл сүйлөшүп, анан үйлөндүк. Ошол аралыкта келечектеги жубайымды ар тараптан сынап көрдүм. Ар кандай "капкандарды" койчумун. Бактыга жараша, ал бардыгынан татыктуу өтүп кетти. Азыр мен эч нерсеге өкүнбөйм, бактылуумун. 

Сейтек Оморов, КР ММА академиясынын вице-президенти

© Фото / Сейтек ТолтоевКР ММА академиясынын вице-президенти Сейтек Оморов
Вице-президент академии ММА Сейтек Оморов - Sputnik Кыргызстан
КР ММА академиясынын вице-президенти Сейтек Оморов

— Мен 28 жашымда үйлөндүм. Кыргызстанда жашагандарга бул курак бүлө күтүүдө кечирээк болуп калат окшойт. Анткени ошол учурда досторум эчак үйлөнүп-жайланып, балалуу болуп калышкан. Бир жолу чогуубуз менен конокко барганбыз. Карасам, бөбөктөр ойноп жүрөт. Дос-аяштар деле бала-чаканы кеп кылып отурушат. Ар кимиси өзүнүн баласынын баскан-турганын айтып, бактылуу. Мен үйлөнүш керектигин ошондо түшүндүм. Баягы ээн-эркин, бойдок жашоого чек койчу убак келгени мээме жетти. Ошол кечеден кийин келечектеги жубайымдын колун сурагам.

#ТабОтец

Публикация от Taba Kadyrbekov (@taba_kadyrbekov) Май 1 2017 в 5:50 PDT

Табылды Кадырбеков, сүрөтчү 

— Биз экөөбүз үч гана ай кыз-жигит болуп, сүйлөштүк. Ага чейин түгөйүңдү кезиктиргениңди сезиш үчүн катуу даярдыктан өтүш керек деп ойлоп жүрчүмүн. Бир жолу экөөбүз дүкөндөрдү кыдырып жүрүп, өзүмө спорттук бут кийим сатып алдым. Ичимден "муну кийүү үчүн кыска байпак сатып алыш керек" деп ойлонуп койгом. Көрсө, угузуп эле кобураптырмын (күлүп). Кийинки жолугушууда ал мага кичинекей пакет сунду. Ичин ачсам, ак түстөгү кыска байпак бар экен. Жүрөгүм "болк" дей түштү. Менин каалоомо ушунчалык кылдат мамиле кылган үчүн бул адамга ичим жылыды. Жакында эле ал жашоомдогу эң кымбат белекти тартуулады — мен ата болдум.

Тимур Азыков, кайрымдуулук фондусунун төрагасы 

© Фото / предоставлено Тимуром АзыковымТимур Азыков үй-бүлөсү менен
Активист, основатель группы Ветераны 365 Тимур Азыков  - Sputnik Кыргызстан
Тимур Азыков үй-бүлөсү менен

— Бизди достор тааныштырган. Биринчи көргөндө эч бир сезим болгон жок, кадимки эле катардагы кыздардын бири көрүндү. Экинчи жолу жолукканда кафеде түнү бою отуруп, таң сүрүп калганда жаандан кийинки салкын Бишкекте көпкө сейилдедик. Бир жума өтпөй эле өзүнө айтпай туруп, атасы менен таанышуу максатында үйүнө барып алдым. Ошондо мага эшикти ачып, эч нерсени түшүнбөй туруп калгандагы көз карашы эч качан эсимден кетпейт, дал ошондо мен үйлөнөм деп чечкем. Болочоктогу кайын ата менен таанышсам, менин атама көп жеринен окшош адам болуп чыкты. Ошентип жарым жылдан кийин баш коштук. Блюз, джаз музыкаларынын коштоосунда 40 адамды конокко чакырып үлпөт той өткөрдүк. Азыр үйдө төртөөбүз — мен, жубайым жана эки кызым.

Сергей Душимов, КВНчи

— Келечектеги жубайым экөөбүз бир жылча кыз-жигит болуп жүрдүк. Бир күнү "кел, үйлөнүп алалы" дедим. Ишенесиңерби, ушул сөздү экөөбүз бир ирмемде чогуу айтып алдык. Ошентип баш кошуп калдык, бирок үлпөт тоюбузду үч жылдан кийин өткөрдүк. Эми бул жерде өзгөчө романтика деле жок. Бирок экөөбүз өмүр бою чогуу болгубуз келип жатканын бир учурда сезгенибизди мен тагдырдын белгиси катары кабыл алдым.

— Егор Борисов, Тез жардам кызматынын дарыгери

© Фото / Евгений ЧистяковЕгор Борисов үй-бүлөсү менен
Заведующий отделом реанимации Бишкекской станции скорой медицинской помощи Егор Борисов - Sputnik Кыргызстан
Егор Борисов үй-бүлөсү менен

— Мен жубайымдын колун өзүм үчүн дагы күтүлбөгөн жерден сурагам. Анткени адамды чындап сүйүп, аны менен өмүр бою жашоого даяр экениңди билгенде мээң да, жүрөгүң да өздөрү эле чечим кабыл алып коет экен. Аны бир көрүп жактыргам десем болот. Экөөбүз таанышкан күндөн тарта жашоомдо бардыгы өзгөрдү. Жан дүйнөмдө өзүнчө эле тынчтык пайда болду, мага андан башка эч кимдин кереги жок экенин түшүндүм. Эң негизгиси, жашоого көз карашыбыз, баалуулуктарыбыз төп келишти.

Жаңылыктар түрмөгү
0