Таштанды полигону. Архив

Бишкекте жаңы таштанды полигону курулат

153
Жаңы таштанды полигонун учурдагы таштанды талаасынын түндүк тарабында анча алыс эмес жайгашкан аймакка куруу пландалып жатат

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Борбор калаанын учурдагы таштанды талаасын жабуу боюнча келишимге вице-мэр Эркинбек Исаковдун катышуусунда болгон жыйында кол коюлгандыгын муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

1 596 900 еврого бааланган келишим мэриянын алдындагы Бишкек шаардык санитардык полигон муниципалдык ишканасы менен эстониялык Ehitusfirma Rand Ja Tuulberg AS компаниясынын ортосунда түзүлдү.

"Азыркы таштанды талаасы түздөлүп, акырындык менен жашыл аймакка айландырылат. Ага кеткен каражаттын 50 пайызы Европа биримдигинин гранты жана Европа реконструкция жана өнүгүү банкынын насыясы менен каржыланат", — деп айтылат билдирүүдө.

Мэриянын маалыматына караганда, жаңы таштанды полигонун учурдагы таштанды талаасынын түндүк тарабында анча алыс эмес жайгашкан аймакка куруу пландалып жатат.

153
Белгилер:
полигон, таштандылар сакталган жай, Бишкек мэриясы
Тема боюнча
Таштандыдан чогулган "музей". Бишкектеги батирден үч унаа акыр-чикир чыкты
Чар-жайыт ыргытылган таштанды Ысык-Көлдү желим баштыкка "ороду"
Чүмбөттөлгөн бет, туурулган кол. Шаардагы таштанды жайда иштеген балдар