Баткен районундагы Кара-Токой айылынын тургуну Алтынбек Рыскулов Суу-Башы аймагынан жол боюнда алсырап жаткан чаарчыкты таап алып, үйүнө алып келген

Жолдо алсырап жаткан чаарчыкты баткендик жаран багып алды

1296
(жаңыланган 17:25 11.07.2017)
Кара-Токой айылынын тургуну чаарчыкты жолдо алсырап жаткан жеринен таап алган

БАТКЕН, 11-июл. — Sputnik. Баткен районундагы Кара-Токой айылынын тургуну Алтынбек Рыскулов Суу-Башы аймагынан жол боюнда алсырап жаткан чаарчыкты таап алып, үйүнө алып келген. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

  • Баткен районундагы Кара-Токой айылынын тургуну Алтынбек Рыскулов Суу-Башы аймагынан жол боюнда алсырап жаткан чаарчыкты таап алып, үйүнө алып келген
    Баткен районундагы Кара-Токой айылынын тургуну Алтынбек Рыскулов Суу-Башы аймагынан жол боюнда алсырап жаткан чаарчыкты таап алып, үйүнө алып келген
    © Sputnik
  • Айылдын тургуну чаарчыкты 7-июлда таап алган
    Айылдын тургуну чаарчыкты 7-июлда таап алган
    © Sputnik
  • Токой чарба агенттигинин жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин Баткендеги өкүлчүлүгүнүн кызматкери Рыскуловго чаарчыкты убактылуу карап, абалы жакшырганда тоого коё берүүнү милдеттендирди.
    Токой чарба агенттигинин жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин Баткендеги өкүлчүлүгүнүн кызматкери Рыскуловго чаарчыкты убактылуу карап, абалы жакшырганда тоого коё берүүнү милдеттендирди.
    © Sputnik
1 / 3
© Sputnik
Баткен районундагы Кара-Токой айылынын тургуну Алтынбек Рыскулов Суу-Башы аймагынан жол боюнда алсырап жаткан чаарчыкты таап алып, үйүнө алып келген

Маалыматка ылайык, айылдын тургуну чаарчыкты 7-июлда таап алган.

Учурда ага уйдун сүтүн берип багууда.

Токой чарба агенттигинин жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин Баткендеги өкүлчүлүгүнүн кызматкери Рыскуловго чаарчыкты убактылуу карап, абалы жакшырганда тоого коё берүүнү милдеттендирди.

1296
Белгилер:
жаныбарлар, кийик, жаратылыш, Баткен
Тема боюнча
Сүлөөсүндүн терисин сатып жаткан киши кармалды
Баткен: колу-буту байланган кескелдирик 2 миң сомдон сатылууда. Күбөнүн сүрөттөрү
Мектеп окуучу. Архивдик сүрөт

Илим менен техникага кызыгасызбы? Кыздар үчүн сынак жарыяланды

2
(жаңыланган 08:30 01.10.2020)
Сынактын жеңүүчүсү 11-октябрь — Кыздардын эл аралык күнүнө карата алдыңкы айымдар менен өтө турган онлайн-сессияга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болору айтылган.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Илимге, математикага жана заманбап технологияларга кызыккан, орто мектептердин 7-11-классында, колледжде, училище жана башка окуу жайларда билим алган кыздар үчүн сынак жарыяланды. Бул тууралуу Роза Отунбаеванын демилгеси эл аралык коомдук фондунун сайтына жайгашкан маалыматта айтылган.

"Сиз 11-октябрь — Кыздардын эл аралык күнүндө "Илимдеги кыздар" долбоорунун алкагында алдыңкы айымдар менен өтө турган "Илимдеги кыздардын күчү" онлайн-сессиясынын катышуучуларынын бири боло аласыз. Биздин лозунг — өзүңдү башкалардын чектелүү элестетүүсү менен чектебе, — деп жазылган маалыматта.

Россияда билим алууга квота бөлүү: система реформаланат, орун көп болот

Дискуссиянын катышуучусу болуш үчүн үч талапты аткаруу зарылдыгы айтылган. Негизгиси бир мүнөттүк видео тартуу керек:

  • сиздин илимге, математикага, технологияларга кызыгууңузду;
  • карантин маалындагы сабактарыңыз, тажрыйбаңызды;
  • илим, математика, технология тармагындагы билимди пандемия жана башка инфекцияларды токтотууда кантип пайдаланууга боло тургандыгын баяндап бериш керек;
  • өзүңүздүн чөйрөңүздө илим, математика, технология тармагындагы билимди колдонуп кандай позитивдүү өзгөрүүлөрдү жасоо боюнча;
  • мектептеги илим тармагындагы дисциплиналарды кызыктуураак жана интерактивдүүрөөк кылуу жөнүндө идеяларыңыз менен бөлүшүңүз.

Андан соң видеону Instagram же Facebook социалдык тармагына #IDG2020 #GirlsInScience #ДевочкиВНауке #ИлимдегиКыздар хештектерин кошуп жүктөө керек. Бул — экинчи талап.

Фонд үчүнчү шарт катары коюлган посттун шилтемесин aakimjanova@unicef.org дарегине жиберүү керек экендигин билдирген. Дагы бир маанилүү учур, өтүнмөлөр 4-октябрга чейин кабыл алынат.

2
Белгилер:
билим, сынак, кыздар, Кыргызстан
Тема боюнча
Карындашыңа кайдыгер болсоң күйөөсү кордойт. Агалар кызга таянар тоо бололу
Мектептеги окуучулар. Архив

Кыргызстанда окуучулар кайсы айда мектепке барары айтылды

9731
(жаңыланган 22:40 30.09.2020)
Мектептерде ар кандай иш-чаларды өткөрүүгө жана ата-энелер менен башка уюмдардын өкүлдөрүнүн имаратка кирүүсүнө уруксат жок.

БИШКЕК, 30-cен. — Sputnik. 2020-жылдын 6-октябрынан тарта 1-класстан 6-класска чейинки окуучулар жалпы билим берүү мекемелеринде салттуу түрдө окуй баштайт. Мындай чечим Республикалык ыкчам штабдын отурумунда кабыл алынды.

Маалыматка караганда, 2020-2021-окуу жылында 1-6-класстын окуучулары үчүн билим берүү процессин реалдуу режимде жандандырууда санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо боюнча иш-аракеттердин алгоритми иштелип чыкты. 

Ага ылайык, окуучулардын жана мугалимдердин ден соолугу медицина кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөнүп, мугалимдердин дене табы өлчөнүп турууга жана бет кап режимин сактоого тийиш. Окуучулар окуу процессинде аралыкты сактоо менен отургузулат. Алар колдорун бат-бат жууп турушу үчүн тиешелүү каражаттар менен камсыз кылынат.

3D китебинин автору: оюн түрүндөгү "Ойнобук" баланын акылын өстүрөт

Ошондой эле кызматкерлердин, үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугу, аларда илдеттин белгилеринин бар-жогу боюнча анкета толтурулуп турат.

“Эгерде мектепте окуучулардын саны 200гө чейин болсо, план боюнча бекитилген расписаниеге ылайык кадимки режимде окуу процесси уюштурулат. Ал эми балдардын саны 350гө чейин болсо, ийкемдүү расписание боюнча окутулат. Тагыраагы, сабактардын башталышы жана тыныгуулар ар кандай убакытта уюштурулат. Мисалы, 1-2-класстарда сабак 8.00дө башталса, 3-4-класстар саат 8.30га келишет. Балдардын саны 500гѳ чейин болсо, кезектешүү негизде болот. Мисалы, 1-2-3-класстар 1-кезметте, 4-5-6-класстар 2-кезметте окушат. Ашканада тамактануу процесси да смена боюнча уюштурулат”, — дешти штабдан.

Муну менен катар мектептерде ар кандай иш-чаларды өткөрүүгө жана ата-энелер менен башка уюмдардын өкүлдөрүнүн имаратка кирүүсүнө уруксат жок.

Ал эми мектеп балдар келгенге чейин дезинфекцияланууга тийиш. Бирок бул иш-чарада пайдаланыла турган каражаттардын концентрациясы белгиленген өлчөмдө гана колдонулат.

9731
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
5-октябрдан тарта башталгыч класстар мектепке барып окуйбу? Расмий жооп